ОшМУ "Аралыктан билим алабыз" аттуу видеосынак жарыялады

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш мамлекеттик университетинин имараты. Архив
Ош мамлекеттик университетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеосабактары мыкты аталгандар үчүн акчалай сыйлыктар каралган. 1-орунга 25 000 сом, 2-орунга 15 000 сом, 3-орунга 10 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктарга 10 000 сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош мамлекеттик университети студенттер үчүн "Аралыктан билим алабыз" аттуу видеосынак жарыялады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, сынактын максаты — аралыктан билим алуунун технологияларын студенттер арасына жайылтуу, өз алдынча билим алууга үндөө, студенттик тайпаларда онлайн жана дистанттык байланышты күчөтүү.

Ага ОшМУнун бардык факультеттери, колледждери катыша алат.

Талаптары:

"Аралыктан билим алабыз" деген аталыштагы 5-7 мүнөттүк видео (видео студенттердин жеке мобилдик телефондорунда үй шартында тартылгандыктан, мазмунуна гана баа берилет);
Видеого тайпадагы студенттер көбүрөөк катышып, анда кураторлор, предметтик мугалимдер да болушу керек;
Видеонун мазмунунда студенттерди аралыктан, өз алдынча билим алууга үндөгөн маалыматтар болушу шарт;
Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен өтүлүп жаткан сабактардын фрагменттери да кошулушу зарыл;
Студенттер үчүн аралыктан окуп-үйрөнүүнү өз алдынча уюштуруу боюнча кеңештер камтылышы шарт.

Видеосабактары мыкты аталгандар үчүн акчалай сыйлыктар каралган. 1-орунга — 25 000 сом, 2-орунга — 15 000 сом, 3-орунга — 10 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктарга 10 000 сом бөлүнгөн.

"Мыкты деп табылган видеолор ОшМУнун "Үмүт" телестудиясынан эфирге берилет. Ошондой эле соцтармактарда таратылат", — деп айтылат маалыматта.

Окуу жайдын маалымат кызматы катышуучуларда суроо жаралып калса, 0775220596 WhatsApp номерине жазса болорун кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0