Араван районунда сарымсак, капуста бышып сатыкка чыкты. Сүрөт, видео

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиСарымсак түшүмү
Сарымсак түшүмү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айында эгин эгүүгө киришкен Араван районунун дыйкандары жазгы түшүмүн алып, учурда сатып жатышат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда дыйкандар алгачкы түшүмүн ала баштады. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиУрожай чеснока в Араванском районе Ошской области
 Ош облусунун Араван районунда дыйкандар алгачкы түшүмүн ала баштады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош облусунун Араван районунда дыйкандар алгачкы түшүмүн ала баштады
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиУрожай капусты в Араванском районе Ошской области
Билдирүүгө ылайык, салатка ылайыктуу капуста жана көк сарымсак бышып сатыкка чыга баштады - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирүүгө ылайык, салатка ылайыктуу капуста жана көк сарымсак бышып сатыкка чыга баштады
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиУрожай чеснока в Араванском районе Ошской области
Апрель айынын аягында картошка дагы бышары күтүлүүдө. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Апрель айынын аягында картошка дагы бышары күтүлүүдө.
1/3
Ош облусунун Араван районунда дыйкандар алгачкы түшүмүн ала баштады
2/3
Билдирүүгө ылайык, салатка ылайыктуу капуста жана көк сарымсак бышып сатыкка чыга баштады
3/3
Апрель айынын аягында картошка дагы бышары күтүлүүдө.

Билдирүүгө ылайык, салатка ылайыктуу капуста жана көк сарымсак бышып, сатыкка чыга баштады.

"Дөбө-Коргон айыл аймагынын Уйгур-Абад айылында дыйкан чарбалар тарабынан февраль айынын башында эгилген "Бассай" сортундагы капусталар бышып, базарларга чыгарыла баштады. Мындан сырткары, 18,5 тонна капуста Россия жана Казакстанга экспорттолду", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле айылда 40 гектар жерге эгилген көк сарымсак ички рынокко чыгарылып, дыйкандар дүңүнөн бир даанасын беш сомдон сатып жатканы айтылат. Апрель айынын аягында картошка дагы бышары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0