Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү

© Sputnik / Жанна Манукян / Медиабанкка өтүүСитуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса
Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аралар жабылгандыктан чет жерде каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенге алып келүү кыйындады. Коронавирус Россиядагы эмгек мигранттарынын жашоо нугун башка жакка бурду.

Россиянын булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктардын турмушуна коронавирус, карантин жана обочолонуу шарттары кандай таасир эткенин айтып беришти.

Туңгуюкка түшкөндөймүн. Москвадагы кыргызстандыктардын баяндарынан

28 жаштагы Айгүл Москвадагы сулуулук салондорунун биринде чачтарач болуп иштейт. Бир нече күндөн бери ал үйдөн чыга элек, Россияда чачтарачкана, ресторан жана соода борборлору жабылды.

Айгүл ажырашкан, Бишкекте таенеси багып жаткан кичинекей кызынын атасы менен да сүйлөшпөйт. Жалгыз өзү апасын да, чүрпөсүн да багат.

"Ай сайын үйгө 300 доллар салам. Апама ырахмат, көбүн коротпой чогултуп жүрүптүр. Азыр ошонун жардамы тийип, акчадан кыйналышкан жок", — деп кебин баштайт Айгүл.

Бирок өзү көп топтой алган эмес, Москвада эки кыргызстандык кыз менен эки бөлмөлүү батир ижаралайт. Колундагы акчасынын баары турак жай акысы, тамак-аш жана жол киреге кетет.

Эми Россияда карантиндик режим киргизилгени жарандар аргасыз чыккан өргүүдөн улам маянасынын үчтөн эки бөлүгүн алууга тийиш. Бирок ишкерлердин көбү мыйзамды кыйгап өтүп жатканын айтат Айгүл.

Президент РФ В. Путин выступил с обращением к гражданам - Sputnik Кыргызстан
Путин: коронавирус коркунучу дагы деле бар, ал жеткен чегине келе элек
"Кудай жалгап, менин жетекчим иш токтоп турган маалда 30 миң рубль төлөп бермек болду, негизи 60 миңдин тегерегинде алчумун. Наалыбайм, анткени көптөгөн кыргызстандыктар келишимсиз иштешчү, эми акчасыз калышты", — деди ал.

Айгүл жакшылыктан үмүт үзбөй, ишке кайра чыкчу күн тез эле келерине ишенет. Кыргызстанга кайтууну пландаган жок, мекенде баары бир жумуш жок.

Бирок таксист Айбек (ысымы өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү) тушуккан жагдай кыйла начар. Эки күндөн бери ишке чыга элек, анткени Москвада такси кызматына суроо-талап таптакыр жок.

"Бул жакта жүргөн көпчүлүк кыргызстандыктардай эле менин топтогон тыйыным жок. Бейрасмий негизде таксист болуп иштечүмүн, жетекчилерим биз ишке чыкпаган убакта төлөп бербейт. Туңгуюкка кептелдик, сыртка чыгып эле көр – айып пул, үйдө отуруп алганың да болбойт", — дейт Айбек.

Москвадагы тиричилигин кыргызстандык эсептегич менен салыштырат, себеби дайым бир нерсеге төлөп турат. Иштеги шериги экөө үй-бүлөлөрү менен бирге эки бөлмөлүү батирди айына 36 миң рублге ижаралашат.

"Бир гана жолу бар. Батирдин кожоюну менен ижара акысын абал турукташканда төлөйлү деп өтүнүү, бирок макул болору арсар. Мындай күнгө кабылган жалгыз мен эмес, биздикилердин баарында эле ушундай жагдай", — деп түшүндүрөт ал.

Эми Айбек мурдагыдай Кыргызстандагы жакындарына акча жөнөтө албай калды.

Бири-бирибизди ач калтырбайбыз! Диаспоралар мекендештерге кандай кам көрөт?

Россиянын башка шаарларында да жардам сурап кайрыла башташты. Мисалы, Тюменде мекендештерге көмөк көрсөтүү фонду уюштурулду. Бул боюнча “Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова кабарлады. 

© Фото / Арууке Манасбек кызы“Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү - Sputnik Кыргызстан
“Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова

"Кырдаалдан бири-бирибизге каралашып бирге чыгууга, эч кимди кыйын күндө жалгыз калтырбоо үчүн өзүбүздүкүлөрдү, тюмендиктерди коргойм. Биздикилердин көбү мыйзамсыз иштегендиктен, азыр акча-тыйынсыз калышты. Үй-бүлөлүү, 3-4 балалуу, айрымдары алты баланы тарбиялашат", — дейт ал.

Кыргызстандыктарга жардамдашуу акциясы Екатеринбургда да башталганын билдирет КР омбудсменинин Урал федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков. 

© Фото / предоставлено Жыргалбеком БелековымКР омбудсменинин Урал федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү - Sputnik Кыргызстан
КР омбудсменинин Урал федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков

"Баарлашуу каналдарына азык-түлүккө муктаж болгондор боюнча билдирүүлөр келе баштады. Биз бул боюнча аракет көрүп жатабыз. Екатеринбургдагы кыргызстандыктар негизинен тейлөө жана курулуш тармагында эмгектенет. Ири супермаркеттердин, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуктум. Алар мыйзам боюнча ишке орношкондорго төлөп беришмек болду, ач калышпайт", — дейт Белеков.

Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенде көмө албай калдык. Карантиндин кесепеттери

Азыр Россияда жашаган кыргызстандыктардын дагы бир көйгөйү жаралды, коронавирустан улам чек аралар жабылып, кайтыш болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү татаалдады.

Медициналык маска кийип Нью-Йорк шаарында метродо бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги
Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенде жерге берүү – принципиалдуу маселе, бирок мусулманчылыкта үч күн өткөрбөй жерге көмүү шарт болгондуктан, айлалары курууда.

Кыргызстанда чек аралардын жабыктыгынан улам бир нече “Жүк-200” жетпей калды. Оорудан каза тапкан 12 жашар өспүрүмдү Челябинскте көмүүгө аргасыз болушкан. Дагы бир 48 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү Тюменде жерге берилди. Анын сөөгүн Казакстан аркылуу машина менен алып өтүүгө аракет кылышкан.

"Түбү Лейлектен, Россия жарандыгын алган экен. Туугандары аны мекенде коюуну каалашкан. "Жүк-200дү" маркумдун кыргыз жарандыгы болсо өткөрө алышмак. Бирок ал Россиянын жараны болгону үчүн биздин элчилик жардам бере албады", — деп түшүндүрөт Сманова.

Дендароо абалдабыз. Доллардын куну түшкөнүнөн мигранттар жабыркады

Соңку убакта рубль менен сомдун долларга караганда алда канча нарксызданып кетиши да мигранттарды түйшүккө салды.

Коомдук кызматкер жана ишкер Айбек Баатыров Магнитогорскиде иштейт. Россияда кыргызстандык өндүрүштөгү кийим сатат. 

"Доллардын өсүшү бизди аргасыз абалга кептеди. Мисалы, Кыргызстандан кийим партиясына буюртма бермек элек, бирок товар кымбаттап кетти. Кардарларыбыз бир баада алып көнүп калышкан, эми эмне кыларыбыз белгисиз. Бүт дүйнө мындан ары эмне болот деп ичке демин катып, күтүп турат", — деп белгилейт ал.

Кыргызстандыктардын айтымында, доллардын куну Россиянын катардагы жарандарынын турмушуна азыраак гана таасир этти.

Төлөм квитанциясы, калькулятор жана калем столдо жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бизнеске жеңилдиктерди бергени жатат. Сунуштардын тизмеси
"Россиянын аймагында биз рубль менен төлөйбүз, андыктан, азык-түлүк дүкөндөрү кымбаттады дебейт элем. Федералдык антимонополдук кызмат буга көз салат", — дейт Урал федералдык округу боюнча КР омбудсменинин ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков.

Кыргызстандыктар белгилегендей, каатчылыкка карабай мигранттар жапырт түрдө мекенге ашыгышпайт, себеби, аларга жумуш табыларына эч ким кепилдик бербегенин түшүндүрөт КР омбудсменинин Саха Республикасындагы (Якутия) ыйгарым укуктуу өкүлү Жазбек Бекболиев.

"Кандай болгон күндө да кыргызстандыктарга Россияда иш табылат. Мисалы, мекендештер тейлөө тармагында жанын аябай эмгектенишет. Ооба, азыр кыйын кезең, бирок каатчылыктын мизи баары бир кайтат", — деп үмүт артат ал.

Канткен күндө да кыргызстандыктар Россияда өзгөчө шартта жашарын айтат Белеков.

"Россияда күн кечирген четөлкөлүктөр бизге көз артып, эмнеге мындай эркелетишет, неге мындай жеңилдетилген схемалар бар деп сурашат. Маселен, биз кыргызстандык айдоочулук күбөлүгү, автомобилди да кыргызстандык мамлекеттик номерлери менен эркин айдап жүрө алабыз", — дейт ал.

Мындан тышкары, Россиядагы кыргыз диаспоралары абдан ынтымактуу, акырына чейин бири-бирине жөлөк болорунан шек санабайт Белеков.

Сомдун куну дагы кетет. Мигранттардын абалы КРге кандай таасир этет?

Турай-жай имаратында дезинфекциялоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгүм айланып, аба жетпей... COVID-19 жуктурган кыз оорунун азабы тууралуу
Эмгек мигранттары мекенге жөнөткөн акча Кыргызстандын экономикасында маанилүү роль ойнойт, сомдун кунуна да, Бишкектеги батирлердин баасына да чагылат. Үч жыл мурун республика акча которуунун ИДПга карата көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Калктын бардык кирешесинин 16 пайызын эмгек мигранттары жөнөткөн каражат түзөт. Айрыкча, Нарын облусунун тургундары сырттан которулган акчадан көз каранды, үй-бүлөнүн колундагы ар бир үчүнчү сом чет өлкөдөн которулган.

Январь айында эмгек мигранттарынын тапкан акчасы кескин азайды. Акча которуулардын жалпы көлөмү 149 миллион доллардын тегерегин түзүп, былтыркы көрсөткүчтөрдөн 14 пайызга аз болду.

“Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү” коомдук фондунун директору Денис Бердаков боолгологондой, азыр көп нерсе Россияда карантиндик чаралар канчага созуларына жараша. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов“Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү” коомдук фондунун директору Денис Бердаков
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү - Sputnik Кыргызстан
“Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү” коомдук фондунун директору Денис Бердаков

"Эгер үч-төрт аптага созулса, Кыргызстанга да, Россияга да өтө оор ай болот, антсе да эл камдаганы жана өз ара көмөк менен жандарын бага алышат. Бирок карантин 2 же 3 айга уланып кетсе, бул олуттуу социалдык жарылууга алып келет", — деп белгилейт ал.

Эмгек мигранттарынын акча которууларынын төмөндөшү кайрадан сомдун кунун түшүрөт деп эсептейт көз карандысыз эксперт, экономист Нургүл Акимова. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт, экономист Нургүл Акимова
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү - Sputnik Кыргызстан
Эксперт, экономист Нургүл Акимова
"Менимче, кыргызстандык валюта акырындык менен нарксызданат. Ошону менен бирге эле биздин бийлик өлкөдөгү гана эмес, чет жердеги жарандарыбызды да колдоого тийиш. Эгер азыр алар ансыз да жумушсуздук өкүм сүргөн Кыргызстанга кайта баштаса, чоң көйгөйлөргө тушугабыз. Бул потенциалдуу социалдык жарылуу болушу мүмкүн", — деп белгилейт ал.

Акимованын пикиринде, азыркы кырдаал өлкөдөгү жакырчылык деңгээлин жогорулатышы ыктымал. Калкты колдоо чараларын көрбөсө, мамлекет түзүлгөн жагдайга туруштук бериши кыйын.

Жаңылыктар түрмөгү
0