Выездное совещание премьера М. Абылгазиева в комендатуре Бишкека - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да коронавируска каршы күрөшүп жатат. Республикада COVID-19 жуктурган адамдардын табылганына 18 күн болду.

Андан бери коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүп, бир адам көз жумду. А бирок оорудан сакайып кеткендер да бар.

Коронавирустун жайылып кетишин алдын алдын алуу максатында бийлик Бишкек баш болгон бир нече шаарга жана райондорго өзгөчө абал киргизди.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:21 04.04.2020
18:47 04.04.2020
17:56 04.04.2020
17:23 04.04.2020
17:21 04.04.2020
16:42 04.04.2020
16:07 04.04.2020

Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков шаар ичиндеги соода жайларына капыстан барып, санитардык элементардык эрежелер сактабаган тараптарга айып салынды. 

Эске салсак, Кыргызстандын аймактарынын ичинен коронавирус аталган облуста көп катталдууда.

Видео Жалал-Абад облусунун Медиа борборунан алынды. 

15:58 04.04.2020

ЖАЛАЛ-АБАД. Өкмөт тарабынан бөлүнгөн ун өз дарегине жеткирилүүдө. Тийиштүү тармактардан жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Маалымат Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматынан алынды

15:25 04.04.2020

 Ош облусунун Кара-Суу районундагы обсервацияга алынган жарандар бүгүн Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы 65 орундуу жеке клиникага которулду.

"Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, дары-дармектер жетиштүү.
Мындан ары обсервация иштеринин алгоритми өзгөртүлгөн. Кытай мамлекетинен алынып келинген ыкчам тесттер менен текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарылат, COVID-19 байкалбаган жарандар үй карантинине чыгарылып көзөмөлдөөдө болот" - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

15:21 04.04.2020
15:18 04.04.2020
15:16 04.04.2020
15:15 04.04.2020
15:14 04.04.2020
15:13 04.04.2020
15:11 04.04.2020
14:43 04.04.2020
14:41 04.04.2020

Бул маалыматта Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары  Урмат Боржиев түз эфир учурунда айтты.

“Департаменттин бир адисинен коронавирус чыккан. Ал өлкөдөгү вирус табылган дарыгерлердин бири. Ал кесиптеши менен байланышта болгону үчүн жалпы кызматкерлерд үйлөрүнө жибербей, санаторий-курорттун жана департаменттин имаратында обсервацияда кармап жатабыз. Ар ким өз бөлмөсүнө иштеп жатат. Эгер алар толугу менен обсервацияга кетип калсак, иштегенге киши жок калат”,  - деди Боржиев.

14:10 04.04.2020

Жусупбекова ата-энелерге кайрылып, алардан балдардын аралыктан билим алуусун тиешелүү шарттарды түзүп берүүнү өтүндү.

14:08 04.04.2020
14:01 04.04.2020
14:01 04.04.2020

Жусупбекова: Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2020-окуу жылындагы  IV чейректи аралыктан окутуу боюнча чечим чыгарды.

 

14:00 04.04.2020
13:50 04.04.2020

Бул туурасында Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары  Урмат Боржиев түз эфир учурунда билдирди. 

"Жети дарыгерден коронавирус чыгып калганына ичибиз кайышып турат. Кызматкерлер жеке сактануу боюнча каражаттарды кийип алып киришкен, бирок ага карабай жугуп калды. Бул укмуштуудай зыянкеч вирус экен. Окуя боюнча атайын атайын комиссия бар, көрүп, тактап, тиешелүү жетекчилер жообун берет” - деди Боржиев.

12:38 04.04.2020

Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов  түз эфир учурунда билдирди.

Ал Ош облусунун жана ички аскер кызматкерлеринин аскерлери умрадан келгендерди кайтаргандыктан, медициналык талап боюнча үч күнгө карантинге алынганын билдирди.

“Бирок Ноокат районундагы бир кызматкердин аялы умрадан келгендер берген тойго барган экен, аны менен аялын обсервацияга алдык. Болгону бир кызматкерде шек бар “, - деди Нурдинов.

12:26 04.04.2020

“Бул маселе жөнгө салынды. Коменданттык саат учурунда тартип бузду деп эч ким кармалган жок. Райондордо жана айыл өкмөттөрдө аларды карай турган жай ачылган. Эгерде андай адамдарды ээн-эркин жүргөнүн көрсөңөр билдирип койгула”, - деди Нурдинов.

12:08 04.04.2020

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов түз эфир учурунда райондук ооруканадагы дарыгерлерге кайрылды.

"Кечээ постто тургандар шаарга кирип келе жатканды текшергендер бир фактыны аныкташты. Ал "дарыгердин берген кагазы бар" деп тартип сакчыларга көрсөтүптүр. Карай келгенде эркек кишиге берилген кагаз гинекологго берилген жолдомо болуп чыккан.  Андыктан, райондук дарыгерлерге айтарым, справка берип жатканда карап бергиле”, - деди  Нурдинов.

12:06 04.04.2020

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

Бул маалыматты Республикалык штабдан кабарлашты. 

11:21 04.04.2020
11:16 04.04.2020

"Бишкекте азык-түлүк менен дарыларды жеткирүү кызматтары иштеп жатат, андай компанияларга шаарда жүрүүгө уруксат кагаздары берилген деди", - деди Орозалиев. 

11:15 04.04.2020

Орозалиев шаардыктардан улгайган жалгыз бой кишилерди жана ата-энелерин кароосуз калтырбоону өтүндү. Алардын оору тез жугуп калышы мүмкүн деп аталган топко кирерин кошумчалады.

“Аларга көз салып, кароону суранабыз. Алар тобокелдик тобуна кирет”, - деди Орозалиев.

11:12 04.04.2020
11:07 04.04.2020

 Орозалиев: Учурда шаарда азык-түлүк ташыгандарга 2860, ал эми  медициналык кызматкерлерге жана дары менен камсыз кылып иштегендерге  789  өткөрмө уруксат кагазы берилген.

11:06 04.04.2020

Орозалиев:Бишкек шаары боюнча коменданттык саат учурунда 99 жаран кармалды. Алардын ичинен 85и эркек, 14ү аял. Бишкекте кылмыштарды саны, анын ичинен уурулук кылуу азайды.

11:05 04.04.2020
11:00 04.04.2020

7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто

10:29 04.04.2020

Ноокат районунда дарыланып жаткан 59 жаштагы эркек кишинин абалы оор.

Ош шаарында  45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор. 1-апрелден тарта жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Ош шаарында 43 жаштагы аялдын абалы оор.

Ош шаарын 60 жаштагы дагы бир аял оор абалда жатат, эки күн мурда инсульт алган, жасалма дем алдырылууда.

Нарын шаарында 60 жаштагы аялдын абалы оор, жасалма дем алдырууга муктаж.

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы жигиттин абалы оор, бүгүн палатага которулат.

10:19 04.04.2020

Бишкек – 1
Ош облусунда – 5
Ош ш. – 2
Жалал-Абад облусунда – 6

10:16 04.04.2020


Бишкек – 15
Ош ш. – 12
Ош облусунда – 35
Баткен облусунда – 3
Жалал-Абад облусунда – 67
Чуй облусунда – 6
Исык-Көл облусунда – 2
Нарын обслусунда – 4

10:12 04.04.2020

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да  бар. Кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

10:06 04.04.2020
10:05 04.04.2020
09:59 04.04.2020
09:25 04.04.2020
09:20 04.04.2020

Ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. 

Алар:

www.covid.gov.kg. —  өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар.  

 

www.hidoctor.kg.  — оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс.

   

1312.tunduk.kg. — Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы.

09:16 04.04.2020

"Үйдө отуруп, санариптик техникаларды өздөштүрүп, санариптик кызматтарды колдонууга чакырам", - деди Догоев. 

09:14 04.04.2020

 Догоев: түзүлгөн кырдаалдан улам Комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулганын билдирди. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.
Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

09:11 04.04.2020

Догонв: Комендатурага көмөк көрсөтүп, уруксат кагаздарын электрондук система менен берүү боюнча иш алып баруудабыз. Жалпысынан, 1259 арыз түшсө, анын ичинен 413үнө уруксат кагазы берилди.

7901 арызга ар кыл себептер менен уруксат берүүдөн баш тартылган. Азыр 40 форматта түшкөн арыздар кароо этабында турат.

09:10 04.04.2020

Догоев: Эки жумада бир нече ыкмаларды киргиздик. Бир нече сайттарды, маалымат алуу ыкмаларын ишитеп чытктык. Жарандар өзүнө-өзү диагностика кылуу боюнча бир нече сайттар кирди. Ал азыр колдонулууда.

09:10 04.04.2020

Догоев: Учурда ар бирибиз дүйнөдө өзгөчө абал болуп, убактылуу кыйынчылыктардан өтүп жатабыз. Бул күнүмдүк жашообузду алмаштырып, башкача форматка алып барууга түрткү болууда.

09:09 04.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0