Айнектин каршысында турган кыз. Архивдик сүрөт

Кызым туура эмес жолдо жүрүптүр, кантип жардам берем? Эненин каты

3187
(жаңыланган 12:58 04.04.2020)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында туура эмес жолго түшүп алган кызына кантип жардам беришти билбей калган эненин каты жарыяланды.

Саламатсыңарбы? Сөз менин улуу кызым тууралуу болмокчу. Айлам кетти.

Жолдошум жүк ташуучу автоунаа айдап иштейт. Эки уул, үч кыздын энесимин. Кичүү кызыман башка балдардын баары мектепти бүтүп кетти. Өзүм болсо үй кожойкесимин. Буга чейин мектепте ашпозчу болуп иштегем.

Төрт жыл мурда улуу кызым жаман кыздарга кошулуп айлабызды кетирген. Анысын кеч билдик. Жогорку окуу жайда билим алды. Жакшынакай, сабакты жакшы окуган эле кызым бар болчу. Төртүнчү курска келгенде "өзүм акча табайын" деп кафеде официант болуп иштеп баштады. Туура эмес кыздарга ошол маалда кошулган окшойт. Үйгө аз келип, кафесине жакыныраак жашаган кызынын үйүнө эле жатып иштерин айтып калды. Атасы жумушка кетип анын үйгө анда-санда келгенин байкачу эмес. Мен да кызыма ишенип, чоңоюп калды деп өз эркине койдум.

Төрт-беш айдын ичинде окуусунун акчасын төлөп, кычырап кийинип, үйгө да акча алып келе баштады. "Жакшы иштеп жаткан экен" деп сүйүнүп койгом. Көрсө, кызым туура эмес кыздарга кошулуп, эл тоночу экен. Анысы аз келгенсип, интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнүн уктум. Андай жолго барууга ага эмне себеп болгонун билбейм. Барчылыкта эле жашап, акчадан кем кылбай чоңойтконбуз. Муну мен үйгө кызымды милиция издеп келгенде билдим. Жүрөгүм жарылып кете жаздаган. Кан басымым көтөрүлүп, ооруканага жатып чыккам. Менин да, жолдошумдун да бир туугандары жакшы кызматтарда иштегендиктен, кызыбыздын ишин сотко өткөрбөй эптеп алып калдык. Алдап-соолап жатып кадимки жашоого алып келгенбиз. Бир жылдын ичинде кадимкидей мурдакы калыбына келип, жакшы болуп калган. Андан кийин Ысык-Көлдө пансионатта иштеп жүрүп, ошол жактан бир бала менен таанышып турмушка чыкты. Эл катары аны узатып той бердик. Күйөө балам да оор басырыктуу жакшы бала эле. Бир уул төрөп, анысы бирге чыкканда кызымдын баягысы башталыптыр. Күйөөсү менен урушуп, түндөп башка жактарга кетип калып, үйүндөгү буюм-тайымдарын сатып, ичип, айтор, анын да айласын кетириптир. Аялынын бул жоругуна чыдабаган күйөө балам болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып, кызым менен неберемди таштап басып кетти.

Эл караган бетим жер карады. Уруштум, тилдедим, болгон жок. Баласын таштап коюп "жумуш издейм" деп күндөп-түндөп жоголот. Айткандарынын кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбейсиң. Акыркы учурда атасынын урушканын да тоготпой калды.

Баланын азабын тарткандан өткөн азап жок экен. Тууган-уруктан уялып бүттүк. Эл эмне десе ошо десинчи, бирок тиги кызды эмне кылышты, ага кантип жардам беришти билбей калдык. Баса, азыр ал 28де. Арактын артынан түшүп ичпейт, соо жинди. Кайда жүргөнүн айтпайт. Сурасаң беттен алат, эч кимди сүйбөйт. Баласына деле көңүлү жок сыяктуу. Инилери бой жетип үйлөнөлү деп калышты. Башка балдарымдын баары зымга тизгендей... Абышкам экөөбүздүн чачыбызды ушул агартмай болду. Урушуп үйгө отургузуп коеюн десең жаш кыз эмес. Каалаган күнү, каалаган жагына басып кетет. Урушсак "батырбасаңар баламды алып кетип калам" деп коркутат. Уулун дагы бир нерсе кылып салбасын деп унчукпай отурабыз.

Эмне кылсак? Кантип кызымды мурдагы, жакшынакай жашоосуна кайтара алабыз? Ага кантип жардам берем? Аргам түгөнгөндө психологго кат жазып көрүүнү чечтим.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Кызыңыз үчүн санааркап жатканыңызды түшүнүп жатам. Кыз балага эненин кеңеши, анын айткан акылдары маанилүү. Бала кезинен эле алар менен сырдашып, көбүрөөк сүйлөшүп, ичинде болгон сезимдерин, ойлорун айтканга көндүрүш керек. Айрымдары апасынын убактысы жок же көңүл бурбай койгондугу үчүн "жабык" адам болуп калышат.

Балким, кызыңыз кичине кезинде экөөңөрдүн ортоңордо эмоционалдык байланыш аз болгондур. Ошол себептен да ал силердин айтканга көнбөй жаткандыр. Негизи агрессивдүү жооп бергени да ошондон болот. Кандай болгон күндө да азыр кызыңызга сиз колдоо гана көрсөтүшүңүз керек. Бирок туура эмес жолдо баратканын өзү түшүнүп, өзү психологго кайрылмайын, биз эч кандай жардам бере албайбыз. Ал үчүн сиз кызыңызды урушпай, аны менен жай отуруп сүйлөшүп, психологго барып көр деп сунуштаңыз. Дароо эмес. Алгач анын көйгөйлөрүн, эмне ойлору бар экенин угуңуз. Бара-бара акырындап психолог менен иштешүүгө көндүрсөңүз болот.

Сиз, атасы, бир туугандары да аны кандай учур болбосун жанында болоруңарга ынандыргыла. "Эл эмне десе десин, сен менин кызымсың, сага ишенем, сен баарын жеңесиң" деген дем-күч берген кеп-кеңештерди көбүрөөк бергиле. "Элге уят кылдың, сен андайсың, мындайсың, бизди куураттың" деп жемелеп, урушкан сайын ал күчөшү ыктымал.

Ал да эне. Эне болгондон кийин аялдын инстинкти ойгонот. Балким, кызыңыз өз алдынча жашоого аракет кылып, чындап эле жумуш караштырып жүргөндүр. Баласы үчүн аракет кылышы мүмкүн, ошол себептен неберенин түйшүгүн толугу менен моюнга алып алуудан алыс болгула. Антпесе "ата-энем баламды карайт" деп санаасы тынч, эч нерсе ойлонбой жүрө берет.

Дагы бир нерсени баса белгилеп кетсем, "башка балдарым зымга тизгендей" деп жалгыз эле улуу кызыңарды жемелеп, күнөөлөй бербегиле. Андан көрө ага жакшы, колдоо сөздөрдү көбүрөөк айтып, бул кырдаалдан чыгып кетүүсүнө көмөк көрсөткүлө.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

3187
Белгилер:
эл, таанышуу, тагдыр, турмуш, кыз, эне
Тема:
Психолог менен баарлашуу (107)
Тема боюнча
Кесиптеш кыз бассам-турсам оюман кетпей кууратты... Бүлөлүү эркектин каты
Жаш келинге кетип калган күйөөм майып болуп кайра келди... Аялдын каты
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

83
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

83
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

85
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

85
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды