Кишен тагылган айдоочу. Архивдик сүрөт

Жалгыз бой аялга берилген азык-түлүктү алып качты делген таксист кармалды. Видео

603
(жаңыланган 16:48 04.04.2020)
Буга чейин социалдык тармакта жолдошу менен ажырашкан жалгыз бой аял таксистти издеп жатканы жарыяланган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаада таксист жалгыз бой аялга азык-түлүк жеткирип берем деп алдап кетти деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармакта жолдошу менен ажырашкан жалгыз бой аял таксистти издеп жатканы жарыяланган. Анда аял мурдагы күйөөсү баласына дары-дармек, жалаяк жана бир айлык азык-түлүгүн таксиге салып жибергенин, бирок айдоочу ага аманатты жеткирбей койгонун айткан. Бул боюнча милицияга арыз жазып, бирок үч күндөн бери табылбаганына нааразы болгон.

Ал эми комендатуранын билдиришинче, 31-мартта Ленин райондук милициясына Н.В. аттуу эркек киши кайрылган.

“Кечки саат 17.00дө Чапаев көчөсүндөгү дүкөндөн 2510 сомдук азык-түлүк алып, аны Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа айдаган таксисттен берип жибергем. Бирок ал үйгө жеткирип бербей, из жашырып кетти”, — деп арыз жазган жабырлануучу.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 92-беренеси ("Аз көлөмдөгү алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Анын алкагында 30 жаштагы С.Р. аттуу жаран кармалып, сурак бергенден кийин сыртка чыкпоого тил кат жазуу менен бошотулган.

Бирок шектүү сурак учурунда аялдын телефон номерин туура эмес жазып алгандыктан үйүн таппай эки күн жүргөнүн, үчүнчү күнү барганда үйдөн бирөө чыгып азык-түлүктүн ээси экенин айтып алып калганын билдирген.

603
Белгилер:
аял, таксист, адалдоо, азык-түлүк, Бишкек
Тема боюнча
Министр: "үйдү дезинфекциялайбыз" деп келгендерге ишенбегиле!
Бишкектеги 7 апрель көчөсү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

6
25-октябрь, жекшембиге караган түнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз күн ачык болот, тоолорго кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +5...+10, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат

Ал эми борбор калаада күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +16...+18ге жетет.

6
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков

Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

6
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков өлкөдө кышкы туризм да киреше алып келе албай тургандыгын айтып, бул тармактагы ишкерлерге тынчсызданды.
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

Коронавирустун таасиринен улам болгон туризм тармагындагы кризистин таасири алдыда билинет. Мындай пикирин Эрмек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус туризм бизнесин эки доорго бөлүп койду.

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

"2019-жылга салыштырмалуу туризм багытындагы өнүгүү тескери динамиканы көрсөтүп калды. Көпчүлүгү кризис деп жатат. А чынында каатчылык эми болот. Себеби туризм менен жан баккан аймактарыбыз бар. Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундары, ишкерлери турсезондо каражат таап, аны менен бир жыл жашайт. Быйыл андай болгон жок. Демек, алар мурда топтолгон, катылган каражаттарын колдонушууда. Ал акчалар деле акыры түгөнөт. Мына ошондо биздин экономика, коом үчүн кыйын убак келет. Албетте, учурда кышкы туризмди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок медиктер боолголоп жаткандай эпидемиологиялык абал кайрадан начарласа, кышкы туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер дагы катаал күнгө туш болушу ыктымал. Негизи эле бул вирус дүйнө жүзүндөгү туризмди эки доорго бөлүп койду", — деди Мырзабеков.

Ошондой эле ал туризм тармагына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жеткиликтүү деңгээлде таканчык боло албастыгын кошумчалады.

6
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, туризм
Тема боюнча
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү