Индияда калган 15 кыргызстандык Казакстандын жардамы менен мекенине келди

© REUTERS / AMIT DAVEСитуация в Индии из-за ситуации с коронавирусом
Ситуация в Индии из-за ситуации с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиядагы кыргызстандыктар казак боордоштор менен бир бортто келишкен. Алар Тараз шаарына конуп, Кыргызстанга алып келинди.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Индиянын Гоа штаты менен Дели шаарынан 15 кыргызстандык мекенине алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекендештер Казакстан өкмөтүнүн жардамы менен казак жарандары менен кошо атайын борт менен алып келинген.

“Кыргызстандыктар Тараз шаарындагы (Казакстан) эл аралык аэропорттон Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен 4-апрелде Кыргызстанга алып келинди. Учурда алар обсервацияга алынды”, -деп айтылат маалыматта.

Учурда чет мамлекеттерде калган КР жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун издөө боюнча иш уланып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0