Премьер-министр Абылгазиев Ошто нөөмөттөгү аскерлер, медиктер менен жолукту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВизит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева Ошской области
Визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр посттордун жеке курамына ыраазычылык билдирип, мамлекет медицина, милиция жана аскер кызматкерлерин колдоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрөрүн айтты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Оштогу санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.

Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Оштогу санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Оштогу санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Оштогу санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.
Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.
1/2
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Оштогу санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.
2/2
Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министр посттордун жеке курамына ыраазычылык билдирип, мамлекет медицина, милиция жана аскер кызматкерлерин колдоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрөрүн баса белгиледи.

"Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов бүгүнкү күндө Ош облусунда абал туруктуу экендигин айтты. Санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын жана постторду өздүк коргонуу каражаттары жана тамак-аш менен камсыздоо маселелери толук чечилгендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу районундагы обсервацияга алынгандар жеке ооруканага которулду
Эскерте кетсек, Кыргызстан аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Андыктан бул жерлерге башка аймактын жашоочуларынын кириши катуу көзөмөлдө болууда.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду.

Ушу тапта өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0