Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Баары Бишкектен

© AFP / MIGUEL MEDINAКоронвируска жасоочу тест
Коронвируска жасоочу тест - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дагы тогуз медиктен коронавирус аныкталганы айтылган. Анын жетөө Жалал-Абадда болсо, Ош менен Бишкек шаарларында бирден катталды.

БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. Кыргызстандын аймагында 5-апрель саат 10:00гө карата дагы үч адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.

Визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Ошто ӨА режиминде кызмат кылгандар коргоочу кийим менен толук камсыздалды
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды.  Вируска кабылган алгачкы бейтап 2-апрелде көз жумду. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле. Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет. 

Ушул тапта эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстан өзгөчө кырдаал режимин өткөрүүдө. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0