Министр Абдикаримов: 5 кишинин абалы оор, өз алдынча дем ала албай жатышат

© Фото / пресс-служба правительства КРСаламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов
Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 147ге жетти. Арасында вирус аныкталган тогуз медик бар.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган беш кишинин абалы оор, алардын дем алуусу кыйындап жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медициналык жайларда 146 киши жатса, анын тогузу оорудан айыкты.

"Учурда беш кишинин абалы оор. Экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылса, экөө кычкылтек менен дем алып жатат", — деди министр.

Визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Ошто ӨА режиминде кызмат кылгандар коргоочу кийим менен толук камсыздалды
Бүгүн, 5-апрель, саат 10:00гө карата дагы үч адамдан коронавирус аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп алды. Тагыраагы, Жалал-Абада - 67, Ош облусунда - 47, Бишкекте - 20, Нарында - 4, Чүйдө - 4, Ысык-Көлдө 2 учур катталган.

Вируска кабылган алгачкы бейтап 2-апрелде көз жумду. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле. Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды.

Ушул тапта эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстан өзгөчө кырдаал режимин өткөрүүдө. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0