Министр: "ооруган жокмун" деген бейтаптардын сөзү чындыкка дал келбейт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКөчөдө бараткан медициналык маска кийген адамдар
Көчөдө бараткан медициналык маска кийген адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин соцтармак жана мессенджерлерде коронавирустан айыгып үйлөрүнө чыгарылган айрым бейтаптардын "мен ооруган жокмун" деген видеолору тарап кеткен.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бейтап коронавирустун белгилерин өзү байкабай, дени сактай сезилгени менен организминдеги вирус анын айланасындагылар үчүн кооптуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди. 

Ведомство жетекчиси социалдык тармактарда айрымдар "оорубасам деле жаткырып коюшту, дары беришкен жок" деген маанайда билдирүүлөр тарап жатканына токтолду.

"Оорубаган адамды кармап туруунун бизге эч кызыкчылыгы жок. Бейтап өзүн дени сак сезсе да андагы вирустун козгогучу айланадагы адамдар үчүн кооптуу. Ошол себептен аны дарылап чыгаруу биздин милдет. Чыккандан кийин "мен дары ичпейм, дарылаган жок" деп айтканы акылга сыйбайт. Кандайдыр бир билдирүү жасаарда этият болууга чакырат элем", — деди министр.

Кыргызстандагы коронавирус

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов  - Sputnik Кыргызстан
Министр Абдикаримов: 5 кишинин абалы оор, өз алдынча дем ала албай жатышат
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вируска кабылган алгачкы бейтап 2-апрелде көз жумду. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле. Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.

Ушул тапта эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0