Бишкекте карантиндик аймак кеңейди

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөлөрдү дезинфекциялап жаткан муниципалдык кызматкерлер
Көчөлөрдү дезинфекциялап жаткан муниципалдык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада дезинфекция иши үчүн карантиндик аймак 26-мартта түзүлгөн. Андан айрым гана адамдардын өтүүсүнө уруксат.

БИШКЕК, 5-апр — Sputnik. Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди. Бул туурасында борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, түштүк тараптан Токомбаев көчөсүнөн (Түштүк магистраль) түндүк тараптан Чоң Чүй каналына, чыгыш тараптан Чолпон-Ата көчөсүнө жана батыштан Садырбаев көчөсүнө чейинки (мурдагы Бах көчөсү) аймактагы кыймыл токтойт.

"Бул аймактар жүргүнчүлөр менен унаалар үчүн жабык болот. Бирок мурда жабылган жерлер ачылбайт, ошол боюнча калат. Мындан тышкары, дезинфекциялык иштер жүрүп жатат", — деди комендант.

Белгилей кетсек, Бишкекте дезинфекция иши үчүн карантиндик аймак 26-мартта түзүлгөн. Өткөрмө пункттар аркылуу мамлекеттик кызматкерлер, медиктер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, банк өкүлдөрү жана элди керектүү азык-түлүк, медикамент менен камсыздагандар гана өтө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0