Казакстанда жүк ташып иштеген төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Жазылуу
Азыркы тапта бейтаптардын жашаган жери жана алар менен байланышта болгон адамдар такталып жатканы кошумчаланды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын ыкчам штабынын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, вирусту жуктуруп алган мекендештер жүк ташып иштейт.

"Чек аралардагы күчөтүлгөн режимге ылайык, Казакстанга кирген жарандардын баары, анын ичинде жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары да карантинге алынат. Карантинге киргизилген айдоочулардын арасынан 10 адамдан вирус аныкталды. Анын төртөө Кыргызстандын жарандары", — деп айтылат маалыматта.

Вирусту жуктуруп алгандардын баары жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Азыркы тапта бейтаптардын жашаган жери жана алар менен байланышта болгон адамдар такталып жатканы кошумчаланды.

Коңшу мамлекетте коронавирус аныкталган 551 учур катталып, алты адам каза болду. 36 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0