ИИМ кызматкери. Архив

Бишкектеги кеңейтилген карантиндик аймактын картасы. Блокпост коюлган көчөлөр

685
(жаңыланган 15:26 05.04.2020)
Карантиндик аймакта дезинфекциялоо иштери жүрөт. Ал жерден жөө кишилердин жана автоунаалардын өтүшүнө тыюу салынат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин дезинфекцияланчу аймагы кеңейтилди. Шаар комендатурасынын маалымат кызматы карантиндик зонанын чектерин айтып берди.

Маалыматта буга чейинки да, азыркы белгиленген да аймакта жөө адамдардын жана автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынган.

Төмөндө карантиндик зонанын картасы:

Ал эми төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине блокпосттор коюлат:

  • 7-Апрель — Мавлянов;
  • 7-Апрель — Ахунбаев;
  • 7-Апрель — Токомбаев;
  • Токомбаев — Каралаев;
  • Токомбаев — Жетикашкаева;
  • Токомбаев — Куттубаев;
  • Токомбаев — Сухэ-Батор;
  • Токомбаев — НТС;
  • Токомбаев — Жукеев-Пудовкин;
  • Токомбаев — АЗС;
  • Токомбаев — Байтик баатыр;
  • Токомбаев — 10 кичи районго кире бериш жер;
  • Токомбаев — Малдыбаев;
  • Токомбаев — Токтоналиев;
  • Токомбаев — Манас проспектиси;
  • Токомбаев — Тыналиев;
  • Садырбаев — Жал кичи районуна кире бериш жер;
  • Садырбаев — №235 үй;
  • Садырбаев — Валдайский;
  • Садырбаев — Ахунбаев;
  • Садырбаев — Коперник;
  • Садырбаев — Серафимович;
  • Садырбаев — С.Боронбаев;
  • Садырбаев — Гагарин;
  • Гагарин — Садырбаев (түндүк тарабы);
  • Термечиков — Североипподромная;
  • Лев Толстой — Садырбаев;
  • Лев Толстой — Тайшетская;
  • Лев Толстой — Левоневсий;
  • Лев Толстой — Украинский туюк көчөсү;
  • Лев Толстой — Асаналиев;
  • Лев Толстой — Бакаев;
  • Жаш Гвардия — Жибек Жолу;
  • Жаш Гвардия — АЗС;
  • Махатма Ганди — Күрөңкеев;
  • Махатма Ганди — Кудрук;
  • Махатма Ганди — Үй-Коргон;
  • Махатма Ганди — Ат-Башы;
  • Махатма Ганди — Урицкий;
  • Махатма Ганди — Баялинов;
  • Тоголок Молдо — ЧЧК;
  • Орозбеков — ЧЧК;
  • Элебесов — ЧЧК;
  • Осмонкулов — ЧЧК;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Лермонтов — Муса Жалил;
  • Лермонтов — Салиев;
  • Лермонтов — Фрунзе;
  • Лермонтов — Кишинев;
  • Лермонтов — Акылбек;
  • Лермонтов — Хива;
  • Лермонтов — Чүй проспектиси;
  • Чолпон-Ата — Лев Толстой;
  • Чолпон-Ата — Исакеев;
  • Чолпон-Ата — Анкара;
  • Анкара — Алтын-Ордо конушуна кире берген жер;
  • Анкара — Достоевский;
  • Анкара — Достоевский (түндүк тарабы).

 

685
Белгилер:
коменданттык саат, Бишкек, көчө
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)
Тема боюнча
Ноокатта коронавирус аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду
Бишкектеги үч киши COVID-19ду кайдан жуктурганы айтылды
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

205
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

205
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

43
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

43
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты