Окуучулар үйдөн билим ала турчу сайттардын тизмеси

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүНоутбук колдонуп жаткан кыз. Архив
Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке акчасы жок окуучулар теледен видеосабакты угуп, үй тапшырмаларын WhatsApp, Zoom, Google Classroom тиркемелери аркылуу мугалимине жөнөтүп турат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын аралыктан билим алуусу үчүн бир катар сайттардын тизмесин жарыялады.

Эске салсак, коронавирустан улам Кыргызстанда 8-апрелден тарта мектеп окуучулары аралыктан окутулат.

Сунуш кылынган билим берүү сайттарынын тизмеси:

  • http://www.oku.edu.gov.kg/;
  • kitep.edu. gov. kg;
  • https://www.ibilim.kg/;
  • https://www.bb.edu.gov.kg;
  • https://lib.kg;
  • https://lib.kg;
  • www.mozaweb.com;
  • https://www.yaklass.ru;
  • http://www.testing.kg.

Университеттеги профессор онлайн-сабакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл абитуриенттер окууга онлайн кабыл алынышы мүмкүн
Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактары КТРдин "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин "Илим-Билим" (5-11-класстын окуучулары үчүн) каналдарынан жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" өтүлөрү айтылган.

Мындан тышкары, интернетке акчасы жок окуучулар теледен видеосабакты угуп, үй тапшырмаларын WhatsApp, Zoom, Google Classroom тиркемелери аркылуу мугалимине жөнөтүп турат. Аталган тиркемелер MegaCom байланыш түйүнүнүн сим-картасы менен бекер болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0