Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Жазылуу
Маалыматта оорукананын дарыгерине кызматтык иликтөө дарыгерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн жүргүзүлөрү айтылат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Республикалык штабдын жыйынында кабыл алынган.

"Министрликке оорукананын башкы дарыгерине карата медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы тууралуу маселени иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Редакция кененирээк маалымат алуу үчүн министрликке жана өкмөткө байланышып, жооп ала алган жок.

Кыргызстандагы коронавирус

Жайга топурак салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вирустан ноокаттык эки улгайган адам көз жумду.

Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.

Ушул тапта эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0