БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 4-апрель күнү Эңилчек тоолорунан табылган белгисиз адамдын сөөгү Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын патологоанатомиялык бөлүмүндө экспертизадан өткөрүлүп жатат. Мындан улам анын аңчылык лагеринде эки адамды өлтүрүп кеткен Сергей Смирнов экенин айтууга эрте. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Эскерте кетсек, кечээ айрым ЖМКларда маалымат тарап, табылган адам Смирнов болушу мүмкүн деген божомол айтылган. Окуя былтыр болгон. 29 жаштагы кызматкер "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен ошол жерде иштеген дагы бир кишини өлтүрүп, тоого жашырынып кеткен. Ал мамлекеттик издөөгө алынган болчу.
"Ак-Суу районунун Криминалдык милиция кызматына Эңилчектеги тургун мыйзамсыз курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам топ аталган аймакка барган. Териштирүү иштеринин алкагында "Хан-Теңири" лагеринен үч чакырым алыстыкта адамдын бузулуп кеткен сөөгү табылган. Кароо учурунда аскердик камуфляж менен сары түстөгү бут кийимдин бөлүкчөлөрү, жанынан 25 огу бар "Вепрь" куралы алынган. 5-апрель күнү сөөк облустук бириккен оорукананын патологоанатомиялык бөлүмүнө жеткирилиген. Факт Ак-Суу райондук милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Милициядан иликтөө иштери уланып жатканын белгилешти.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.
Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.
"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.
Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Нарын районунда курамында алтын бар делген ак түстөгү таштарды мыйзамсыз негизде алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн.
Анын алкагында таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
"Натыйжада Нарын районунун беш тургуну Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр аймагынан курамында алтын бар делген ак түстөгү үч капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган", — дешти милициядан.
Факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынды. Ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.