Коронавирустун белгилери байкалса 118 номерине чалгыла! Мэриянын билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон кармап тургана адам. Архив
Уюлдук телефон кармап тургана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер вирустун кандайдыр бир белгилери байкалса, дарыгерлер тобу дароо барып үйдөн эле экспресс-тест кылышат. Ал кандайдыр бир белгини көрсөтсө, бейтап лаборатория тестинин жыйынтыгы чыккыча үй карантининде болуп турат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта калаа тургундары коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эгер калаа тургундарынын бири өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине чалса болот.

"Дарыгерлер чалган адам өзүн кандай сезип жатканын телефон аркылуу такташат. Андан соң адистер тарабынан иштелип чыккан атайын анкетаны толтурушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам телефон номерге белгилүү себептер менен гана чалууга мүмкүн. Алар:

  • эгер чет өлкөдөн акыркы 30 күндүн ичинде келсе;
  • эпидемия көбүрөөк жайылган аймакта болсо;
  • коронавирус жуктуруп алган адам менен тыгыз байланышта болсо;
  • обсеварция жайларында болсо;
  • дене табы жогору болуп, жөтөлүп, дем алуусу кыйындаса.
"Эгер вирустун кандайдыр бир белгилери байкалса, дарыгерлер тобу дароо барып үйдөн эле экспресс-тест кылышат. Ал кандайдыр бир белгини көрсөтсө, бейтап лаборатория тестинин жыйынтыгы чыккыча үй карантининде болуп турат. Коопсуздугун укук коргоо органдары камсыз кылат", — деп жазылат маалыматта.

118 номери эртең мененки саат 8ден кечки 19:00гө чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0