Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 чыкты. Аймактар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКоронавирус аныктоочу тест. Архив
Коронавирус аныктоочу тест. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемия жайыла баштагандан бери Кыргызстанда аталган вирус аныкталган төрт киши көз жумду. Ал эми 42 бейтап сакайып кетти.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 69 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Жаңы учурдун баары обсервацияда жаткандардан аныкталган. Кыргызстанда ушуну менен бейтаптардын саны 216га жетти. 

"Бир сутканын ичинде лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен 69 адамда коронавирус бар экени аныкталды. Анын ичинен Ош облусунун Ноокат районунда 42, Кара-Суу районунда үч , Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 13, Бишкекте беш, Нарын шаарында 1, Каракол шаарында бир, Чүй облусунун Кемин районунда бир, Баткенде бир учур катталды. Булардын бирөөндө гана клиникалык белгилери бар", — деди министр.

Ушу тапта өлкөдөгү кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билсеңиз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0