7-апрель күнү мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Министрликтин жообу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүУдаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса
Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-апрель — Элдик апрель революция күнү. Бул дата календарда кызыл менен белгиленип, адатта кыргызстандыктар эс алчу.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Эртең, 7-апрелде, мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер үчүн кадимкидей жумуш күн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй карантинине алынды
Эске салсак, 7-апрель — Элдик апрель революция күнү. Бул дата календарда кызыл менен белгиленип, адатта кыргызстандыктар эс алчу.

Бирок быйыл коронавирустан улам бул күнү маморгандар кадимкидей иштейт. Ойтемировдун айтымында, өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу эс алуу күндөр боюнча өкмөттүн атайын буйругу чыккан.

"Буйрукка ылайык, 13-апрелге чейин мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына ишемби, жекшемби да жумуш күн болуп эсептелет. Башкача айтканда, 22-28-29-март жана 4-5-7-11-12-апрель күндөрү кадимкидей иштешет. Ал эми мамлекеттик мекемелерди тейлеген банктарга жөн гана сунуштама берилген. Алар 7-апрелде эс алып же иштей турганын өз алдынча чечип алышат", — деди Ойтемиров.

Дем алышсыз иштей турчу маморгандардын тизмеси:

  • Өкмөттүн аппараты;
  • ТИМ;
  • ИИМ;
  • Юстиция министрлиги;
  • Каржы министрлиги;
  • Экономика министрлиги;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
  • Транспорт жана жол министрлиги;
  • ӨКМ;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;
  • Саламаттык сактоо министрлиги;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
  • Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Мамлекеттик бажы кызматы;
  • Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы);
  • Мамлекеттик каттоо кызматы;
  • Мамлекеттик миграция кызматы;
  • Мамлекеттик чек ара кызматы;
  • Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик;
  • Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы;
  • Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
  • Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча);
  • "ЭлТР" мамлекеттик корпорациясы;
  • "Кабар" маалымат агентствосу (макулдашуу боюнча);
  • Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары;
  • администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэрияларынын муниципалдык администрациялары;
  • облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча);
  • айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча).

Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу токтотулду
Ойтемиров коронавирусту алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ар бири өз ылайыгына карап, айрым кызматкерлерин аралыктан иштөөгө кетиргенин да кошумчалады.

Эске салсак, коронавирустан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен төрт бейтап каза болсо, 42 киши айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0