Тиешелүү кызматкерлерди ташуу үчүн уруксат алуу жеңилдеди. Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери жумуш учурунда. Архив
Милиция кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары электрондук түрдө ким кандай максатта шаарда жүрүүгө уруксат сурап жатканы туурасында жазуу түрүндө билдирүү жибериши керек.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Республикалык штаб ишкана жана уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирди.

Мындан ары электрондук түрдө ким кандай максатта шаарда жүрүүгө уруксат сурап жатканы туурасында жазуу түрүндө билдирүү жибериши керек.

Уруксат алган соң төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

  • Иштеген жеринен алынган маалым кат;
  • Ташып бара жаткан кызматкерлер тууралуу маалымат камтылган жол баракчасы;
  • QR-код.

Уруксат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси аркылуу кирип тааныша аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0