Газга ууланган. Москвада курулушта каза болгон КР жаранынын ким экени такталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКурулушта ишкерлер жумуш учурунда. Архив
Курулушта ишкерлер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиядагы ЖМКлар Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандарга курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кеткенин, кырсыктан кыргыз жараны каза болгонун маалымдаган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Москвада оорукана курулушунда каза болгон кыргызстандык газга ууланган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү
Буга чейин Россиядагы ЖМКлар Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандар үчүн курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кеткенин маалымдаган. Кырсыктан бир адам каза болуп, ал Кыргызстандын жараны экендиги да айтылган.

Элчилик маркум Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган 39 жаштагы кыргызстандык экенин маалымдады.

"5-апрелге караган түнү Москва шаарынын Троицк жана Новомосковская аймагындагы курулуш жайында жумушчулар жаткан чатырда жылыткыч өрттөнгөн. Анын кесепетинен кыргызстандык жаран газга ууланып каза болгон. КР элчилиги менен Россиянын миграция кызматынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жумуш берген тарап каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу иш-чарасына кеткен каражатты жаап, компенсация төлөп бермей болду", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде маркумду кайда коерун туугандары өздөрү чечери айтылган. Эске салсак, Россия Кыргызстан менен бардык аба каттамдарын токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0