Ишкерлер Бишкекке 1,5 млн. сомдук дезинфекциялоочу туннель белек кылышты

Жазылуу
Дезинфекциялоочу туннель орто эсеп менен алганда бир саатта бир литр суюктукту сарптайт. Анын курамында этил спирти, суу жана глицерин бар.

БИШКЕК, 6-апр. – Sputnik. Бишкектик ишкерлер унааларды жана жөө адамдарды дезинфекциялоочу туннель даярдап, шаарга белек кылышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектик ишкерлер унааларды жана жөө адамдарды дезинфекциялоочу туннель даярдап, шаарга белек кылышты
Ишкерлер Бишкекке 1,5 млн. сомдук дезинфекциялоочу туннель белек кылышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик ишкерлер унааларды жана жөө адамдарды дезинфекциялоочу туннель даярдап, шаарга белек кылышты

Маалыматка караганда, учурда эки кабина Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын алдына орнотулуп жатат.

"Эки туннелдин бири жөө адамдар үчүн болсо, экинчиси авто менен Тез жардамдын унаалары үчүн ылайыкталган. Аппаратты иштеп чыккандар эки туннелдин баасы 1,5 миллионго жакын сомду түзөт", - дешти мэриядан.

Дезинфекциялоочу туннель орто эсеп менен алганда бир саатта бир литр суюктукту сарптайт. Анын курамында этил спирти, суу жана глицерин бар. Адамдын саламаттыгына кооптуу эмес. Ал эми унаалар үчүн антисептикке хлор дагы кошулат.

Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус менен күрөшүүгө кол кабыш кылып жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0