Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив

Бишкекте маморгандардын ӨА учурундагы графиги, телефондору жана сайттары

594
(жаңыланган 17:32 06.04.2020)
25-марттан тарта башка шаар жана райондогулардай эле Бишкекте дагы өзгөчө абал режими иштеп жатат. Бийлик мамлекеттик органдарга кызматкерлерин үйдөн иштөөгө өткөрүүнү тапшырган. ӨА режими боюнча маморгандар кандай график менен иштеп жатканын материалдан окуңуздар.

Бишкектеги өзгөчө абал режимине байланыштуу өкмөт көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлерге үйдөн иштөөнү сунуштаган. Маморгандардын өкүлдөрү Каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасы тарабынан даярдалган электрондук документ жүгүртүү системасын колдонушууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары мамлекеттик органдар менен байланышып, ӨА учурунда кандай график жана форматта иштеп жатканын билип көрдү. Иш убактысынан сырткары кайсы телефондор, электрондук даректер, сайттар аркылуу кызыктырган суроолорго жооп алса болорун кошо тактадык (маалымат алуу үчүн картадагы белгилерди басыңыз).

Кээ бир структуралар дем алышсыз иштеп жатат. Мисалы, Саламаттык сактоо министрлигинин атайын штабында ведомствонун кызматкерлери такай нөөмөттө турушат.

Ички иштер министрлигинин штаты дагы жумасына жети күн иштөөдө. Билим берүү жана илим министрлигинин графиги дагы ушундай. Көпчүлүк мамлекеттик органдарда дем алыш күндөрү нөөмөттөгү бөлүм башчылар иштеп жатышат. ӨКМде күнү-түнү нөөмөттө туруу системасы киргизилген.

Президенттин аппаратындагы кызматкерлер дем алыш күндөрү кезек менен, мындай күндөрү айрымдары үйдөн иштеп жатат.

Кыргызстандагы соңку кабарлардын сүрөт жана видеобаяндамаларын тексттик трансляциядан көрүңүз.

594
Белгилер:
график, мамлекеттик орган, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
БУУ Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө көмөк көрсөтөт
Нурдинов Малик Апсаматович — өмүр баяны
Караколдо эшиги ширетилген үйдүн ичинде эмне болуп жатат. Видео
Спутник V вакцинасы. Архивдик сүрөт

Бириккен Улуттар Уюмунда "Спутник V" вакцинасынын бет ачары өтөт

13
(жаңыланган 16:01 02.12.2020)
Вакцинаны тааныштыруу БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында болмокчу. Анда бул препарат боюнча кенен маалымат берилет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Иш-чарага Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, БУУдагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриев катышат", — деп билдирген өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Федор Стржижовский.

Ал "Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрүн кошумчалады. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилери айтылды.

Министрлик быйылкы жайдын аягында дүйнөдө биринчи жолу COVID-19га каршы вакцинаны каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунда иштелип чыгып, "Спутник V" деп аталган. Анын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.

13
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасын социалдык тармактар аркылуу тааныштыра башташат
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив

Түлөбаев: жеке компаниялардын корпоративине тыюу сала албайм

25
(жаңыланган 15:55 02.12.2020)
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Нургазы Каримов "корпоратив өткөрүүгө салынган тыюу жеке компанияларга дагы тийиштүүбү" деген суроо узаткан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жеке компаниялар жаңы жылдык корпоратив өткөрө турган болсо, бул алардын конституциялык укугу экенин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.

"Муниципалдык жана чарбалык кызматтарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды. Мен кызматкерлерге той-аштарга, корпоративдерге барбагыла деп айткам", — деди Түлөбаев.

Шаардык кеңештин депутаты Нургазы Каримов "тыюу жеке компанияларга дагы тийиштүүбү?" деген суроо узатты.

"Мен аларды тыя албайм. Бул алардын конституциялык укугу. Мен өзүмдүн кызматкерлериме эле айттым", — деди мэр.

Буга чейин вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөт жаңы жылдык корпоративдерге тыюу сала турганын айткан. Кийинчерээк бул эреже бир гана мамлекеттик органдарга тийиштүү экени маалымдалган.

25
Белгилер:
Жаңы жыл, корпоратив, мэр, Балбак Түлөбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүктүн баасын арзандатуу үчүн жарманкелер ачылат
Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты
Пожилой мужчина с тростью идет по улице в Нант, Франция. 16 марта 2017 года

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

0
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

0
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө