Минскиден Бишкекке коронавирустун тестин жасоочу реагенттер жиберилди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүВ Забайкалье поступила тест-система для определения антигена коронавируса
В Забайкалье поступила тест-система для определения антигена коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан үчүн маанилүү болгон жүк Екатеринбург аркылуу жеткирилди. Россиядан Бишкекке чартердик каттам менен келди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекке Минск шаарынан 22,5 миң тест үчүн реагенттер жана алардын компоненттерин алып келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчилик эки партиясын жеткирди (100 таңгак). Мындан сырткары, даяр тесттердин беш таңгагы алынды.

Эгерде муктаждык жаралса, Белоруссия дагы 200дү жиберүүгө даяр экени айтылды. Бул 50 миң тестке эсептелген көлөм.

Белоруссиядан да коронавирус чыгып жатканы, бирок ага карабастан аталган өлкөнүн достук кадамы экенин элчиликтен айтышты.

"Кыйын кырдаал жаралып турган шартта белоруссиялык достордун бизге жасаган бул кадамы достук мамилелердин жана эки тараптуу жылуу мамиленин эң сонун мисалы", — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Тест-системанын экинчи партиясы бүгүн Кыргызстанга Екатеринбург — Бишкек чартердик каттамы менен жеткирилди

Коронавирус жана Кыргызстан

Коронавирусту аныктоого тест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту аныктаган тест-система Кыргызстанда жетишсизби? Министрдин жообу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен 42 киши айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0