Министр: медиктер эртеңден баштап кошумча эмгек акысын ала баштайт

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедайым оорукананын коридорунда. Архив
Медайым оорукананын коридорунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошумча акы катары дарыгерлердин колуна 45 миң, медайымдарга 43 миң, кенже персоналга 40 миң сомдун тегерегинде тиет.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эртеңден баштап коронавирус жуктуруп алган оорулуулар менен иштеп жаткан медиктер кошумча айлыктарын ала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дарыгерлер Эпидемиологиялык фонддон бөлүнгөн каражаттан аванс алышкан.

"Дарыгерлерибиз февраль жана март айларынын айлыгын толугу менен алышты. Бүгүн коммерциялык банктар иштебегендиктен, эртеңден тарта март айына кошумча акыларды жиберебиз. Дарыгерлердин колуна 45 миң, медайымдарга 43 миң, кенже персоналга 40 миң сомдун тегерегинде акча тиет", — деди министр.

Ситуация в Индонезии в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алгандар КРдин кайсы аймагында көп? Тизме
Ошондой эле ал апрель айына карата дагы кошумча акылар эсептелип коюлганын кошумчалады. Бул айда кыргызстандык медиктерге мамлекет 132 миллион сом төлөп берери белгилүү болду.

Белгилей кетсек, медиктердин арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га жетти. Акыркы катталган 12 учурдун жетөө медицина кызматкерлери болуп чыкты. Ошол эле учурда 15 медик COVID-19 жуктуруп алышы мүмкүн деп обсервацияда жатат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0