Министр: ӨА режимин узартуу боюнча чечимди Республикалык штаб кабыл алат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМамлекеттик гвардия жана патрул милиция кызматкерлери Бишкетеги блокпоссто турат. Архив
Мамлекеттик гвардия жана патрул милиция кызматкерлери Бишкетеги блокпоссто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу боюнча сунушту Саламаттык сактоо министрлиги берип, Республикалык штаб чечим кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

"Азырынча бир нерсе айтууга эрте. Өзгөчө абал режиминин аяктаарына сегиз күн калды. Биз эпидемиологиялык абалды карап туруп Республикалык штабга сунуш киргизебиз. Аны токтотуу же узартуу боюнча чечимди штаб гана кабыл алат", — деди Абдикаримов.

Кыргызстандагы коронавирус

Ситуация в Индонезии в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алгандар КРдин кайсы аймагында көп? Тизме
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 дарыгер вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0