Суракматов: Бишкекте бир шарт менен коронавирус ооздукталышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги блокпостто медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив
Бишкектеги блокпостто медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр борбор калаада калк жыш жайгашкандыктан, вирустун жайылып кетүү коркунучу алда канча жогору экенин эскертти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда карантин эрежелери так сакталса, жакынкы күндөрү кырдаал турукташа турганын билдирди.

Ошол эле учурда ал борбор калаада калк жыш жайгашкандыктан, вирустун жайылып кетүү коркунучу алда канча жогору экенин эскертти.

"Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат, бирок ушуну менен аягына чыгышы мүмкүн. Эксперттердин анализи боюнча, бир нече күндөн кийин ооруну жуктургандардын саны басаңдашы ыктымал. Бирок аны үчүн шаардыктар үйдөн чыкпай обочолонуп, карантиндин эрежесин так сакташы керек", — деди Суракматов. 

Соңунда мэр калаа тургундарына кырдаалды сабырдуулук жана түшүнүү менен кабыл алып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы коронавирус

Ситуация в связи с коронавирусом в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктурган 12 кишинин жетөө дарыгер болуп чыкты
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0