Ысык-Көлдө 108 киши обсервациядан чыгарылды

© Фото / Азамат АйтбаевНа Иссык-Куле отремонтировали уникальную лечебницу для детей с ДЦП
На Иссык-Куле отремонтировали уникальную лечебницу для детей с ДЦП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Анын 108и чыгып, обсервацияда 84 киши калды. Үчөөнөн коронавирус табылган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, алардын экинчи этаптагы анализдеринен COVID-19 табылган эмес.

"Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Анын 108и чыгып, обсервацияда 84 киши калды. Ал эми үч адамдын анализинен коронавирус табылгандыгына байланыштуу алар инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандагы коронавирус

Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
5 жылга камалышы мүмкүн. Ошто COVID-19дун белгилерин жашырган адамга иш козголду
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0