Ошто гумжардам алчулар кайда кайрылса болот? Телефондор

© AFP / FRED DUFOUR Пакет көтөргөн аял. Архив
Пакет көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрсөтүлгөн номерлерге жарандар гуманитардык жардам алуу үчүн жана ар кандай социалдык маселелер боюнча чала алышат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Республикалык штаб Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору жана Ош шаары боюнча гуманитардык жардам алуу үчүн байланыш номерлерин жарыялады.

Көрсөтүлгөн телефон номерлерге жарандар ар кандай социалдык маселе боюнча да чалса болот.

Түз байланыш номерлери

Кара-Суу району:

  • 0(3232) 5-00-03, 0772-21-22-80, 0551-21-22-80.

Ноокат району:

  • 0(3230) 5-26-28, 0773-42-16-42.

КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (облустук администрация):

  • 0(32-32) 5-54-25, 0557-80-01-11.

Ош шаарынын мэриясы:

  • (32-22) 5-53-84.

Кыргызстандагы коронавирус

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 23ү ооруканадан айыгып чыкты. Такталган маалымат боюнча, 19 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0