Кыргызстанда дагы 42 киши коронавирус жуктурганы аныкталды

© AFP 2023 / TIZIANA FABIКоронавируска жасалуучу тест-система
Коронавируска жасалуучу тест-система - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө коронавирустан сакайып чыккандар да бар. Алардын саны 23кө жетти. Тилекке каршы, төрт киши көз жумду.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ке жетти.

"Вирус жуктуруп алгандардын ичинде 13 медицина кызматкери бар. Жалпы 42 кишинин 16сы эркек болсо, 26сы аял кишилер. Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда 5 учур катталды", — деди министр.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0