Москвадан келгендер бар. 42 адам коронавирусту кайдан кантип жугузганы айтылды

© REUTERS / JASON REDMONDМедициналык маска кийген аэропорттогу жүргүнчү
Медициналык маска кийген аэропорттогу жүргүнчү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы районунда түштүк регионго дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылган. Нарын облусунда беш кишиге жетти.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган адамдар кайсы аймактан экенин айтты.

Бүгүн дагы 42 жаңы учур катталып, өлкөдө COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 270ти түздү.

  • Бишкек шаарында 10 адам, анын ичинен бирөө медицина кызматкери. Калган тогуз киши сырттан жугузуп келген;
  • Чүй обулсунда экөө;
  • Нарын облусунда бешөө, анын экөө сырттан келген, үчөө ич ара байланыштан жугузган;
  • Жалал-Абад облусунда бирөө, байланыш аркылуу жугузган;
  • Ош облусунда 24 адамдан табылды, сегизи чет өлкөдөн келген, 16сы жергиликтүү тургун. Анын ичинен 12си медицина кызматкери;

Бул аныкталган адамдар кичи ажылыктан, Москвадан, Пакистандан келгендер экени айтылды. Ал эми Ат-Башы районунда түштүк регионуна дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0