Коронавирус: өлкөдө 1097 киши обсервацияда жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы бейтаптардын саны 270ке жетти.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда коронавируска кабылгандар менен байланышта болду делген 1 907 адам обсервация жайларында жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, обсервациядагы 1 097 кишинин 439у үй карантининде.

"Эпидемиялык абал курч бойдон калууда. Бирок мындан коркпошубуз керек. Бул деген иштин сапатын көрсөтүп жатат. Оорулуулар менен байланышта болгондорду өз убагында таап, изоляция кылып жатабыз", — деди министр.

Медайым ооруканадагы палатада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан дагы 12 адам айыкты
Ошондой эле обочолонгондор атайын жайларда экендигин, аларда вирустун козгогучтары болсо ооруканага которуп жатышканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 270ке жетти.

Өлкөдө абал кандай экенин Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0