Бишкек коменданты Орозалиев: дагы эки жума үйдө болушуңуздарды суранам

© Фото / пресс-служба правительства КРБишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев
Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы өзгөчө абал режиминин убактысы 15-апрелде аяктайт. Учурда анын мөөнөтүнүн узартылышы боюнча маселе ачык бойдон калууда.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу калаа тургундарынан жакынкы эки жумада үйдө болуп турууну өтүндү. Бул туурасында ал брифинг учурунда билдирди.

Орозалиевдин айтымында, сутка ичинде борбор калаада 10 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы бүткөнүн эске салды.

"Ошондуктан жакынкы эки жумада жана андан кийинки убакыттарда адамдар менен мүмкүн болушунча байланышты азайтып, үйдө болушуңуздарды суранам. Комендатура биринчи кезекте тургундар менен унаа кыймылын азайтуу үчүн иш алып барып жатат", — деди Орозалиев.

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Биринчи жолу! Ошто коменданттык саатты бузган 10 киши 3000 сомдон айыпка жыгылды
Эске сала кетсек, бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы белгилүү болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө абал кандай экенин Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0