Ошто жабылган балдар ооруканасында канча медик коронавирус жуктурганы айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер медициналык бет капчап иш учурунда. Архив
Дарыгерлер медициналык бет капчап иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын медицина кызматкерлери коронавируска кабылганына байланыштуу убактылуу жабылып, дезинфекцияланары айтылган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Оштогу жабылып жаткан ооруканада иштеген 15 дарыгер коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Медиктердин бардыгы "Кардио Азия" медицина борборуна жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бейтаптардын абалы туруктуу.

Комендант Оша, Ноокатского и Кара-Сууйского районов Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Ош коменданты: өзүнө "тазамын" деп анализ чыгаргандарды колун кайрып алып келдик
Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери коронавируска кабылганына байланыштуу убактылуу жабылып, дезинфекцияланарын кабарлаган.

Ошондой эле оорукананын кызматкерлерине кандайча вирус жугуп калганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылган. 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ке жетти. Анын төртөө көз жумса, 35и айыкты. Бейтаптардын арасында 33 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда абал азыркы тапта кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0