Оштогу медиктерге COVID-19 умрадан келген кишинин чайын ичкен дарыгерден жуккан

Жазылуу
Бүгүн, 8-апрелде, Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгерлери коронавируска кабылгандыктан жабылып калды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери коронавирусту Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген кошунасынан жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Оштогу жабылып жаткан ооруканада иштеген 15 дарыгер коронавирус жуктурганы кабарланган болчу.

Бороновдун айтымында, медиктер вирусту бейтаптар менен байланышта болгондуктан эмес, умрага барып келген кошунасынын чайын ичкен кесиптешинен жугузган.

"Аталган оорукананын дарыгери кошунасынын үйүнөн чай ичип, коронавирус жуктуруп алган. Ал анализи чыкканга чейин илдетке кабылганын байкабай жүрө берген. Натыйжада жумушундагы кесиптештерине дагы вирус жуккан", — деди Боронов.

Медиктердин бардыгы "Кардио Азия" медицина борборуна жаткырылды. Бейтаптардын абалы туруктуу экени айтылып, кызматтык иликтөө башталганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0