Медик. Архивдик сүрөт

Медиктерге компенсация: Республикалык штаб ЖМК менен элдин башын айлантканда

483
(жаңыланган 21:22 08.04.2020)
Буга чейин Республикалык штабдын Telegram-каналына вирус жуктурган медиктерге 200 миң сом, каза болуп калган учурда үй-бүлөсүнө бир миллион сом төлөнөрү жарыяланган. Бирок ошол эле штаб кайра башка версияны айтууда.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19 жуктуруп алган дарыгерлерге төлөнчү компенсациянын суммасы тактала элегин айтып, ЖМКлар менен элди адаштырууда.

Анткени буга чейин компенсация өлчөмү айтылган эле. Тагыраагы, бүгүн маалымат жыйыны учурунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт компенсациялар боюнча документ даярдап жатканын маалымдаган. Бирок төлөнчү каражаттын суммасын атаган эмес

Бир нече мүнөттөн кийин Республикалык штабдын Telegram-каналына вирус жуктурган медиктерге 200 миң сом, каза болуп калган учурда үй-бүлөсүнө бир миллион сом төлөнөрү жарыяланган. 

Скриншот с канала Республиканского штаба КР по борьбе с COVID-19
Республикалык штабдын Telegram-каналынан алынган скриншот

Sputnik Кыргызстан редакциясы бул маалыматты Бороновдун сөзүнө кошумча иретинде кабыл алып, макалага кошкон. Бирок штабдан компенсациялардын өлчөмү эми гана каралып жатканын айтышууда.

Төлөмдөр боюнча Telegram-каналга чыккан пост өчүрүлдү, бирок редакция анын скриншотун сактап койгон.

Белгилей кетсек, бул бийликтин коронавируска байланыштуу акыркы күндөрү берген маалыматтар жана сандар боюнча биринчи жолку жаңылуусу эмес.

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-апрель күнү, брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылганын билдирген. Андан соң министрликтин маалымат кызматы Абдикаримов жаңылгандыгын, Жалал-Абад облустук ооруканасы эмес, Ош шаарындагы оорукана жабылат деген маалымат тараткан.

Көп өтпөй аталган оорукананын башкы дарыгери медициналык мекеме жабылбай эле штаттык режимде иштеп жатканын айтты

Буга чейин ушул эле министр сакайгандардын саны боюнча дагы ката маалымат берип койгон

483
Белгилер:
ката, маалымат, өкмөт, Сабыржан Абдикаримов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Кыргызстанда дагы 42 киши коронавирус жуктурганы аныкталды
ЖМК: коронавирустун кесепетинен немец министри жанын кыйды
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

83
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

83
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

83
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

83
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды