Киши компьютер менен үйдө иштеп жатат. Архив

Үйдө отуруп иштөө тажаттыбы? Адистин кеңеши

260
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ушу тапта Кыргызстандагы бир топ ишкана-уюмдар ишмердүүлүгүн токтотуп, аралыктан иштөө тартибине өтүштү.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Үйдө иштөөдөн бат тажап кетпеш үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде Ward Howell компаниясынын кызматкери Евгений Смирнов айтып берди.

"Азыр мурдагыга караганда кадимкидей жумуш көбөйүп калды. Анткени көбүрөөк убакыт кете баштады, жаңы милдеттер пайда болду. Бул учурда айрымдар баарына жетишүүгө аракет кылып чарпыла баштайт. Башкалары, тескерисинче, өзүн таштап коёт. Бул эки нерсе тең стрессте жүргөн адамдын абалы. Мындайда мойнундагы милдеттерин так аткара албай, өзүн жоготуп коюшу ыктымал", — деди Смирнов.

Буга жол бербеш үчүн жумуш, үй оокаттары жана үй-бүлө мүчөлөрүнө арналган убакытты так бөлүштүрүп алуу керек.

"Үйдөгүлөр менен макулдашып алган туура. Өзгөчө балдарга кандай учурда ата-энеге кайрылса болорун, кайсы учурда тынчын албай эле койгону туура экенин түшүндүрүү зарыл", — деди адис.

Сөзүнүн аягында Смирнов адам убакыт бөлүштүрүүдө кесиптештери менен дагы, үй-бүлөсү менен дагы бардык маселелерди чечишип алуусу керектигин эскертет. Ошол эле учурда адам жеке өзүнө убакыт арноону унутпашы зарыл. Бул учурда адам эс алып, келерки күндөрдү жайбаракат пландоого мүмкүнчүлүк жаралат.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Андыктан, көпчүлүк ишканалар ишин токтотуп, мүмкүн болгондор үйдөн иштеп жатат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

260
Белгилер:
кеңеш, жумуш, стресс, карантин
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (836)
Тема боюнча
Өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлер дагы кошумча айлык алат
Колониалдык план. АКШ Ай менен космосту менчиктештирип алмай болду
76 күн изоляцияда турган Ухань шаары өткөн түнү эшигин ачты
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

21
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

21
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

172
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

172
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу