Кош бойлуу аялды врач көрүүдө. Архивдик сүрөт

Гинекологдор кош бойлуу аялдарды бейтапканага келтирбей, онлайн кеңеш берет

268
Адистин айтымында, кош бойлуу аялдын өзү жана баласы үчүн жоопкерчилиги эки эсе жогору болушу керек.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын бейтапканага катташына чек коюлуп, онлайн консультация берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялдын өзү жана баласы үчүн жоопкерчилиги эки эсе жогору болушу керек. Андыктан сактануунун эң негизги ыкмасы — обочолонуу.

"Биз аялдарга ооруканага келбей турушун эскерттик. Телефон аркылуу гана байланышып, онлайн консультация берип жатабыз. Ар бириңиздер өз дарыгериңиз менен байланышта болуп туруңуздар. Ал эми ден соолугуна байланыштуу тобокелчиликтер жогору турган аялдар үчүн мобилдик бригада уюштуруп, үйүнө барып жардам көрсөтүшөт. Эгер толгоосу башталып калгандар болсо, тез жардам унаасын жөнөтөбүз", — деди башкы адис.

Ошондой эле ал төрөттөн кийин дагы эне-балага кам көрүү иштери дистанттык түрдө болорун кошумчалады. Ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүк мурдагыдай эле төрөт үйүндө берилет.

Мындан сырткары, Асылбашева Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн бир корпусунда 26 орундуу обсервация жайы уюштурулуп, коронавирус жугузган адамдар менен байланышкан кош бойлуу аялдар жаткырылганын билдирди. Ал жерде текшерүү жана операция бөлүмү, төрөтүү залы, акушердик жана ымыркайларды жаткыруу бөлмөсү бар.

Адистин айтымында, коронавирус жуктурган аялдарды төрөтү02ү боюнча дагы эрежелер иштелип чыккан.

268
Белгилер:
кеңеш, онлайн, текшерүү, обсервация, кош бойлуу, Төрөт үйү
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2513)
Тема боюнча
Улгайып калган, кош бойлуу дарыгерлер эмгек өргүүгө чыкмай болду
Дистанттык окууда көйгөй жаралса чалыңыз. Министрлик номерлерди жарыялады
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

"Айламды таппай калдым". Ырчы Анжелика улуу кызынын да моюну сынганын билдирди

19
(жаңыланган 22:36 27.01.2021)
Ырчы 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.

"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.

Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.

19
Белгилер:
операция, кыз, ырчы, Анжелика Кайратова, жол кырсык
Тема боюнча
Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды
Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов. Архив

Анаркулов: инаугурацияга чакырылгандардын баарынын ПЦР-анализи таза чыкты

15
(жаңыланган 22:01 27.01.2021)
Президенттин кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине ар кайсы катмардагы миңден ашуун мейман чакырылган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Президенттик кызматка киришүү үчүн ант берүү аземине катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.

15
Белгилер:
ПЦР-тест, коронавирус, инаугурация, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун инаугурациясы
Тема боюнча
Чепкен жапмай, аластоо жана ыңгайсыз жагдайлар... Эл эсинде калган инаугурациялар
Депутаттарга Жапаровдун инаугурациясына жеке унаа менен келүүгө тыюу салынды
ИИМ: инаугурация күнү кортеж өтүп, жолдор бир нече секундга гана жабылат