Микро толкундуу меш. Архивдик сүрөт

Диетолог микро толкундуу мешке кайсы азыктарды жылытпаш керектигин айтты

1008
Диетолог азык-түлүктүн көбү жылытылганда пайдалуу касиеттерин жоготуп, жадакалса "ууга" айланып каларын белгилеген.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Биринчи кезекте микро толкундуу мешке жумуртканы кайнатып бышырганга жана сууну ысытканга болбойт. Бул тууралуу "Вечерняя Москва" гезитине врач-диетолог Елена Соломатина айтып бергенин Известия агенттиги жазды.

Анын айтымында, микро толкундуу мештин ичинен суу текши жылыгандыктан бир убакта боркулдап кайнап чыгат дагы, адам этияттабаса күйүп калышы мүмкүн.

Ал эми жумуртканын кабыгы мындай басымды көтөрө албагандыктан "гранатадай" эле жарылып кетет. Ошондой эле өтө ысып кеткен карагат, жүзүм жана алма дагы жарылып кетет.

Диетолог азыктардын көбү жылытылганда пайдалуу касиеттерин жоготуп, жадакалса ууга айланып каларын белгилеген.

"С витамини жылытылганда бузулуп кетет. Ошондуктан мөмө-жемиштерди зарыл болбосо микро толкундуу мешке салбоого чакырат элем. Айрым азыктар ысыгандан кийин зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат", — деген адис.

Мындан тышкары, көк чөп жана тамырлуу жемиш (кызылча, сабиз, редиска жана башка) кошулган муздак салаттар жылыганда, алардын курамындагы нитрат ден соолукка зыяндуу канцерогенге айланып калат. Ошондой эле диета үчүн жасалган суусундуктарды ысытуу кооптуу болуп саналат.

Андан сырткары, шоколад батондорунда жана импорттук момпосуйларда химиялык заттар болгондуктан ысытканга болбойт. Соломатина белгилегендей, кычкыл-сүттүү азыктарды микро толкундуу мешке салганда пайдалуу бактериялары жоголуп кетет.

1008
Белгилер:
жумуртка, Суу, зыян, меш, толкун, диетолог
Тема боюнча
Тумоолоп жатканда ысык чайдын пайдасы жок. Медиктин пикири
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

233
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

233
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

44
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

44
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты