Коронавируска кабылган 10 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер оорукананын реанимация бөлүмүндө. Архив
Медициналык кызматкер оорукананын реанимация бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунун учурда ушу тапта COVID-19 жуктурган 245 адам ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, абалы оор делген 10 адамдын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат райондук аймактык ооруканасында, төртөө Бишкекте Республикалык клиникалык ооруканасында.

Ситуация в Нидерландах в связи с коронавирусом  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 10 адам COVID-19 жуктурган, арасында эки медик бар
Ал эми жалпы жонунун учурда COVID-19 жуктурган 245 адам ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. 35 киши айыгып үйүнө чыгарылды.

Кыргызстандагы өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0