Дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, вакцина сайып жүрүшөбү? Министрликтин жообу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота мобильных пунктов вакцинации в Казани
Работа мобильных пунктов вакцинации в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы маалыматты тактоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган. Ведомстводон бул маалыматты төгүндөштү.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Мессенджерлерде "карантин учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, коронавирусту текшерүүчү тесттерди, ага каршы вакциналарды сунуштайт, бирок анын баары адамга өлүм алып келет" деген маанидеги билдирүүлөр тарап жатат. 

Мессенджерлерде таратылып аткан фейк билдирүү
Дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, вакцина сайып жүрүшөбү? Министрликтин жообу - Sputnik Кыргызстан
Мессенджерлерде таратылып аткан фейк билдирүү
"Тесттер кишиге вирус жугузат. Анын кайсы материалында вирус бар экенин дарыгерлер өздөрү билбейт. Бул элдин санын кыскартуу үчүн жасалып жаткан нерсе. Адам акырындык менен жарым жыл ичинде өлүмгө дуушар болот. Андыктан карантин бүткүчө үйгө кимдер кандай вакцина жана тесттерди сунуштап келбесин, эч кимисине макул болбогула", — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан улам редакция Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Ведомствонун маалымат кызматы билдирүүдө жазылган нерселер чындыкка туура келбесин айтып, элди такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0