Эртең үшүк жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Фото / Pixabay / Nikolai ShapovalПрогноз погоды
Прогноз погоды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 10-апрель күнү аба ырайынын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындан улам өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө коркунуч жаралат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Эртең, 10-апрелде, Кыргызстандын аймагында аба ырайы төмөндөп, үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үшүк жүрөт! Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка караганда, аба ырайынын температурасы Чүйдө -3...-5, Таласта -5...-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...-2 градуска жетет.

11-апрелде дагы түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында 2…4 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай абал өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0