Мөмөлүү даракты үшүк алуудан кантип сакташ керек? Айыл чарба адисинин кеңеши

© Sputnik / Андрей Шапран / Медиабанкка өтүүДарактарда жаткан кар. Архив
Дарактарда жаткан кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агрономдун айтымында, алгач бак-дарактарды кардан арылтып, тазалап чыгуу керек. Анткени кар жабышып, көпкө туруп калса, бактын бутактары карды көтөрө албай сына баштайт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине мөмөлүү бак-дарактарды үшүк алуудан кантип сактоо керектигин айтып берди.

Бүгүн кар жаады. Синоптиктер 9-10-апрелде аймактарда үшүк жүрөрүн эскертип жатышат.

Агрономдун айтымында, алгач бак-дарактарды кардан арылтып, тазалап чыгуу керек. Анткени кар жабышып, көпкө туруп калса, бактын бутактары карды көтөрө албай сына баштайт.

"Көпчүлүк азыр огородун иштетип, айдап-себүү иштерин баштап алды. Агротехникалык иштерди жашаган аймакка жана аба ырайына жараша жүргүзүү керек. 1-2 градус суук гүлдөп турган мөмөлүү бактарга зыянын тийгизет. Аларды үшүк алуудан сактоо үчүн көчөттөрдүн түбүнө кар үйүп койгон жакшы. Себеби кардын алды жылуу болуп, ал сууктан жакшы сактайт. Мындан сырткары, ар бир көчөттүн үстүнөн эски кап же кездемелер менен жаап, жылуулап койсо да жардам берет. Эгер бүчүр ачыла элек болсо, анда анын үстүн жабуунун кажети жок", — деди ал.

Бишкекте шамал үчүн дарак кулады - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте катуу шамалдан дарактар кулап, бир нече машинаны басып калды. Сүрөт
Ал карыган алма же башка мөмөлүү бакты сууктан сакташ үчүн анын түбүн жылуулаш керектигин айтты.

"Бактын түбүн кык же жыгачтын таарындысы менен түптөп, жылуулап койсо болот. Андан кийин анын үстүнө кар таштап койсо бактын тамырын жылуу кармайт. Карыган бак-даракты кап менен жылуулап кереги жок", — деди адис.

Дария Тогузбаева үшүк күздүк айдоого коркунуч жаратпай турганын, ал эми жазгы айдап-себүүдө дыйкандар аймактагы аба ырайына карап иш кылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0