Гумжардам көрсөтүүнү каалагандар кайда кайрылса болот? Өкмөттүн жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кайрымдуулук кылып жаткан жаран. Архив
Акча кайрымдуулук кылып жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмөк көрсөтөм дегендер каражатты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 4402011103034541 которсо болот. ИНН номери — 01003199710041.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Өкмөттүн жардам берүү штабы азыркы кырдаалга кайдыгер эмес жарандарды кол кабыш кылууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жардам тамак-аш жана акча каражаттары иретинде кабыл алынат.

"Көмөк көрсөтөм дегендер каражатты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 4402011103034541 которсо болот. ИНН номери — 01003199710041. Мындан сырткары, атайын Элсом номери (0990 603030) да ачылган", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген. Жер-жерлерде аз камсыз болгон жарандарга, тамак-ашы жок калгандарга гумжардам таратылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0