Айылдык ден соолук комитеттери элди бет кап, тамак-аш менен камсыздоодо. Сүрөт

© REUTERS / AZIZ TAHERАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдык ден соолук комитеттеринин ыктыярчылары 23-марттан бери коронавирусту жайылтып жибербөө аракетинде бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында COVID-19 вирусун алдын алуу максатында айылдык ден соолук комитеттери да өз салымдарын кошуп, элди медициналык бет кап, гигиеналык каражат жана тамак-аш менен камсыздоодо. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылдык ден соолук комитеттеринин ыктыярчылары 23-марттан бери коронавирусту жайылтып жибербөө аракетинде бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

"Ыктыярчылар учурда эӊ керектүү болгон бет каптарды тигишип, калктын аярлуу катмарына бекер таратууда. Ошондой эле гигиеналык коргоо каражаттарын беришип, көчөлөрдү дезинфекциялоого жардам кылышууда. Региондордо түзүлгөн штабдар элди коронавирусту алдын алуу боюнча маалыматтар менен камсыздоодо. Андан сырткары, калкка азык-түлүк жагынан дагы жардамдар көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындай жардамдар Кыргызстандын жети облусунда тең көрсөтүлүп жатканы айтылды.

Айылдык ден соолук комитеттери — ыктыярдуу бирикме. Азыркы учурда республикада 1570тен ашык АДК иштейт. Анын негизги иши ден соолукка терс таасирин тийгизүүчү факторлорду көзөмөлдөөгө жардам берүү жана айыл тургундарынын социалдык абалын жакшыртуу болуп саналат. Комитет мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0