Көзөмөл пуктта турган ИИМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды коронавирус каптаган 24-күн: абал боюнча маалымат, видео, сүрөттөр

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандан COVID-19дун табылганына 24 күнгө аяк басты. Ал арада республика ичинде бир топ өзгөрүүлөр болду.

Эпидемиологиялык кооптуулуктан улам Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарлары менен Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди. Жарандардын ары-бери каттоо тартиби катуулады. Ал эми өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Соңку маалыматтарда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 280ге чыкты.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
14:34 10.04.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:23 10.04.2020
19:16 10.04.2020

Бүгүн борбор калаада калктуу конуштарга жана жаңы конуштарга коммерциялык банктардын көчмө кассалары уюштурулду. Жарандар пенсияларын жана акча которууларын  алышты. Ошондой эле акча алмаштырууга жана башка банк операцияларын жасоого мүмкүн болду.

19:00 10.04.2020
18:51 10.04.2020

Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери 2 нөөмөт менен иштеп жатат. Ал эми эл жыш жайгашкан калктуу конуштарда 3 нөөмөттө туруп, коопсуздук чараларын көрүүдө. 

Айылдын ыктыярдуу элдик кошуундары, жергиликтүү бийликтин коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү биргеликте тыгыз иш алып барышууда. Айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун сактоодо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жөө кайгуул күзөттөрү маршруттар боюнча иштеп жатат. 

 Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы үзгүлтүксүз иш-жүргүзүүдө. Калктуу конуштарды аралап, үн күчөткүчтөр  менен тургундардын үйдө болуусун жана санитардык гигиеналык эрежелердин туура сакташын эскертүүдө.
Маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы таратты. 

17:42 10.04.2020

Жардам коргоочу костюм, бет кап, термометр өңдүү каражат түрүндө келди. Жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө. 

 

Беседа с Джеком Ма в рамках ПМЭФ - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: миллиардер Жек Манын фонддору КРге 255 миң долларлык жардам берди
17:28 10.04.2020

"Эгерде жол берилсе, кремация кылар алдында жаназа окулуп, сөөк жуулат. Эгерде майрам сууга алганга такыр болбосо жаназа окуса да, окубаса да болот", — деп айтылган Аалымдар кеңешинин документинде.

 

Празднование Курбан-байрама - Sputnik Кыргызстан
Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды
16:33 10.04.2020

Sputnik Кыргызстан министрликтер расмий билдирүүлөрүн коомчулукка кантип жеткирип жатканын билүү үчүн сайттарына жана социалдык тармактагы баракчаларына баш бакты. Анын үстүнө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу такталган маалыматтарды ыкчам жеткирүү маанилүү болуп турганы талашсыз.

 

Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?
16:12 10.04.2020

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун тургундарын  коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, 15-апрелге чейин малды жайлоого айдабай турууну эскертти. 
 "Анткени жарандардын массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Ошондой эле тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу кошумча маалымат берилерин айтышты. 

14:35 10.04.2020
14:34 10.04.2020
14:34 10.04.2020

“Насыялык төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөр үчүн, учурдагы кырдаалды эске алып, бардык банктарга бул мөөнөттү кредиттик тарыхка кошпоо сунушталды”, - деди Карабаева.

 

14:33 10.04.2020

Карабаева: Курсту кармап туруу үчүн бүгүнкү күнгө чейин Улуттук Банк 216 млн. долларлык 8 интервенция жасады.

14:30 10.04.2020

Карабаева: Социалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кардарлардан карточкасынан комиссия албоо сунушталган.

14:24 10.04.2020

Бүгүн күндө колдонуучулар үчүн 1712 банкомат, 1114 пост-терминал жана 1227 төлөм терминалдар иштеп жатат.

14:23 10.04.2020

29-марттан 9-апрелге чейин өлкөдөгү абалдан улам кредиттердин шарттарын өзгөртүү боюнча 25 жарандан кайрылуу түшкөн.

14:20 10.04.2020

Карабаева: Алыс жашагандар жана айыл өкмөтүнүн жашоочуларына көчмө кассалар уюштурулду.   Бул элди акча каражаты менен камсыздоо максатында болду. Аларды атайын инкасаторлор коштоп жүрөт.

14:15 10.04.2020

Насыя алгандарга кошулуучу туумдарды, кошумча төлөмдөрдү токтотуу боюнча сунуш берилди.

14:15 10.04.2020

Банкоматтаржын саны  – 129, пост-терминалдардыкы  – 1068, төлөм терминалдарынын саны 221ге көбөйтүлгөн.

14:15 10.04.2020

Карабаева: Банктардын кызматкерлери коопсуздук камсыз кылган коргоочу каражаттар менен корголгон. Банктарга калкты болушунча онлайн-тейлөө туурасында сунуштар айтылды.

14:12 10.04.2020

Карабаева: Банктар өз калыбында иштеп, элди тейлеп жатат. Төлөмдөр, акча которуулар аткарылууда. 

14:12 10.04.2020
14:07 10.04.2020
14:00 10.04.2020
13:49 10.04.2020
13:48 10.04.2020

Пакистанда коронавируска чалдыккан кыргызстандык жаран, "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөсү көз жумганын жергиликтүү The News International басылмасы жазып чыкты.

 

Ситуация в Пакистане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Пакистанда коронавируска чалдыккан кыргызстандык көз жумду
13:30 10.04.2020
13:29 10.04.2020
13:28 10.04.2020

 “Карантиндик мөөнөттүн узарышы же бүтүшү элге, алардын тартипс сакташына байланыштуу. Эрежени сактап, жүйөөлүү себепсиз көчөгө чыкпаңыздар.  Ал эми медиктер менен тартип сакчылар өз ишин жасап жатат, - деди Жоробеков. 

13:18 10.04.2020

Азык-түлүктүн кымбаттап кеткени боюнча суроолор түштү.

"Монополияга каршы жана атайын мамлекеттик органдар бааны көзөмөлдөйт, бул боюнча иш алып барып жатат" , - деди Жоробеков. 

13:06 10.04.2020
13:05 10.04.2020

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика дагы бир кризиске кабылды. Мындай пикирин Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директору Кристалина Георгиева билдирди.

Анын айтымында COVID-19 социалдык-экономикалык ырааттуулукту чагылгандай тездик менен бузуп салды.

 

Влияние пандемии коронавируса на экономику - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк экономика качан калыбына келет. Көңүл чөгөргөн божомол
13:04 10.04.2020

Медиктер коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктарды вируска каршы препараттар менен дарылап жатышат.

 

Краевая клиническая больница Краснодара - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: коронавируска кабылгандарды 3 препарат менен дарылап жатабыз
12:56 10.04.2020
12:51 10.04.2020

"Учурда колунда бар адамдар азык-түлүк сурап кайрылган учурдар кездешүүдө. Кызматкерлер үйүнө барганда уну да, тамак-ашы бар да жетиштүү болуп чыгууда. Сурасак, "келеби, реакция кылабы деп ойлодук" деген жооптор болууда. Биз күнү-түнү иштеп, элге азык да жеткирип, тартипти да сактап, айтор, тыным албай жатабыз. Андыктан муну токтотуп, колунда бар адамдар жардам сурабай тургулачы. Башкаларга, муктаж болгондорго жеткирип алалы. Азыр азык-түлүк кенен тартыштык жок. Болгону мерчемделген жерге жеткиче, кээде ушундай учурлардан улам 1-2 саат өтүп кетүүдө", - деди Нурдинов. 

12:50 10.04.2020

Өзгөчө абал киргизилген аймакта 25-марттар тарта 12700 өткөрмө кагаздар берилди.

Алардын ичинен 7555 жөө жүргөндөр, 5000ге чукул автоунаа ээлери алган.

Өткөрмө кагаз алган 7555дин жарымы медиктер. Андан сырткары банк, почта кызматкерлерине берилди. Ал эми күнү-түнү жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген көк түстөгө өткөрмө кагазды 600 адам алган. 

12:46 10.04.2020

Нурдинов: Буга чейин корнавирустан каза болгондор жерге берилген. Анын өзүнүн тартиби болду.Карантин режиминде атайын справка жазылат экен. Ага аз сандагы адамдар катышты. Акыркы сапарга узаткандан кийин ал адамдар да карантинге алынды.

12:39 10.04.2020

Жылкыбаев: Январда эле коронавирустун алдын алуу боюнча тапшырма келип түшкөн. Облус боюнча 300дөн ашык обсервацияларды даярдаганбыз. Медиктерге өз милдетин аткарууга маалыматтар берилген. Чек аралар көзөмөлдө болуп, бирок ачык турган.

Бул убакыт ичинде сырттан 3004 адам, алардын ичинде 300дөн ашуун студент сырттан келди.

12:36 10.04.2020

Жылкыбаев: Сатуучулар менен сүйлөшө келгенде Ноокатта 10 күндө эле 4 айда сата турчу унду соодалангандыгын айтышты. Учурда облуста эл ун менен камсыз болгон. Андан сырткары жеке тараптар элге азык-түлүк алып келүүдө.

12:27 10.04.2020

"Умрага кеткендерди кайсы туристтик фирмалар алып барган, анализ болгонбу, учурунда профилактикалык иштер жасалганбы, мыйзамды сактабай ким сыртка чыгып кеткен деген суроолорго өз учурунда баа берилет. Бул боюнча тиешелүү тараптар иштейт. Азыр башкысы, бул абалдан чыгып кетишибиз керек",  - деди Нурдинов. 

12:24 10.04.2020

Жылкыбаев: Жеке ишкерлерден азык-түлүктөр келип түшүп жатат.  Санай келсек, 1,5 миң тоннага чукул ун, 11 миң кг. макарон, 78 литр суу майы,  4300 кг шекер андан сырткары картошка да келип түштү. Бул жерде турмуш-шартына карата берилет.

12:24 10.04.2020

Нурдинов: Коммерциялык тараптар Казакстандан жогорку сорттогу ун алып келгендиктен, ушул баада сатып жатыптыр. Ал эми мамлекеттик линиясы менен берилген азыктарда мындай баа болбошу керек.

12:16 10.04.2020

Нурдинов: Өзгөчө абал кирген жайларда кырдал көзөмөлдө жана туруктуу. Коменданттык саатты 6 адам бузду. Аларга проктокол түзүлдү.   

12:13 10.04.2020
11:30 10.04.2020
11:28 10.04.2020

Комендант Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө терминалды көтөрүп кеткен арыз боюнча иликтөө иштери башталып, кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталгандыгын айтты.

"Учурда ал окуяны көзөмөл камераларынан карап иликтедик. Кармалгандар боюнча маалыматтарды кийинчерээк беребиз", - деди Орозалиев. 

11:26 10.04.2020

Орозалиев: Конуштардын жашоочулары үчүн көчмө кассалар уюштурулат. Банк кызматкерлердин коопсуздугу тартип сактоо кызматкерлери тарабынан корголот.

11:20 10.04.2020

Орозалиев: акыркы учурда балдардын өмүрүн кыйган учурлары туурасында маалыматтар болуп жатат. Андыктан, балдарга кыйкырбай, жумшак мамиле жасагыла деп чоңдорго эскертип кетээр элем. Алар да учурдагы пандемияны башынан өткөрүп жатат. 

11:19 10.04.2020

Орозалиев: Пропускту сураган кишилердин баарына бере албайбыз. Маршруттук баракты толтуруп алып, зарыл ишиңерге барып келгиле. Өткөрмө кагазын сурагандын баары бере берсек, шаарда башаламандык болуп кетет.

11:18 10.04.2020
11:17 10.04.2020

Электрондук уруксат берүү системасы 2-апрелден тарта иштеп, 19 миңден ашуун кайрылуу келсе, 990 кайрылуу канааттандырылды

11:14 10.04.2020

Орозалиев: Бишкек шаарындагы 410 постто комендантык саатта миңден ашуун кызматкер иштеди.

11:12 10.04.2020
11:05 10.04.2020
11:03 10.04.2020

 

15 жашка чейин — 34 адам, анын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар;
16 жаштан 19 жашка чейин — 11;
20 жаштан 35 жашка чейин — 75;
36тен 55 жашка чейин — 106 адам;
56 жаштан жогорку — 72 адам.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20200410/1047801009/koronavirus-zhukturgan-ajmak-zhash-kurak.html

10:53 10.04.2020

"Кытайдан келген гуманитардык жардам бөлүштүрүлдү. Алар – комбинезон, медициналык көз айнек, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол кап жана бахила. 200 комплекттен Ош шаарына, Жалал-Абад шаарына, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди", - билдирди Республикалык штаб. 


Инфракызыл термометр

300ү – Ош шаары менен Ош облусуна  

200ү – Жалал-Абад облусуна 

 100ү – Баткен облусуна бөлүндү.

 

10:45 10.04.2020
10:39 10.04.2020


Бишкекте – 8
 Чүй облусунда - 1
 Ош облусунда – 21
 Жалал-Абад облусунда – 8
 Баткен облусунда – 1 медкызматкер. 

10:37 10.04.2020
10:34 10.04.2020

Кемин – 6 киши 

Токмок шаары  – 1,

Аламүдүн району – 1

10:33 10.04.2020

Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98 учур катталган. 

10:32 10.04.2020

Жалал-Абад облусунда – 89
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 15
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 42
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 4

10:30 10.04.2020
10:21 10.04.2020

Түз эфир учурунда оору жугузган кош бойлуулар кайда төрөйт деген суроо түштү

"Ош менен Бишкек шаарларында кош бойлуулар үчүн атайын оорукана бөлүнгөн. Ал жерде төрөттү кабыл ала турган дарыгерлер даяр, окуудан өткөн. Оштогу ооруканада учурда 37 жума болгон кош бойлуу келин жатат. Ал көзөмөлдө", - деди Каратаев.   

10:21 10.04.2020

Каратаев: Биринчи күндөрү ооруну аныктап, анализ жасаганга реагенттер жетишпей жаткан. Азыр бизде экспресс-тест жана ПЦР тесттер жетиштүү

 

10:18 10.04.2020
10:17 10.04.2020
10:16 10.04.2020
10:14 10.04.2020
10:12 10.04.2020

Бишкек ш. – 6
Чүй облусунда (Кемин району – 6, Токмок ш. – 1, Аламүдүн району – 1) – 8
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 2, Жалал-Абад ш. – 1) – 3
Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу району) – 1

10:02 10.04.2020
10:02 10.04.2020
10:02 10.04.2020
10:02 10.04.2020
09:23 10.04.2020

Россиянын Свердлов облусунда үч балалуу үй-бүлө коронавирустан аман калуу амалын издеп, токойго качып кеткен.

 

Весна в Карелии - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан корккон үй-бүлө 3 баласы менен токойго качып кетти. Россиядагы окуя
09:20 10.04.2020

Өкмөттүн жардам берүү штабы азыркы кырдаалга кайдыгер эмес жарандарды кол кабыш кылууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жардам тамак-аш жана акча каражат түрүндө кабыл алынат.

"Көмөк көрсөтөм дегендер каражатты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 4402011103034541 которсо болот. ИНН номери — 01003199710041. Мындан сырткары, атайын Элсом номери (0990 603030) да ачылган", — деп айтышты өкмөттөн. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0