Ноокатта коронавирус аныкталган бир адам каза болду

© REUTERS / Flavio Lo Scalzo / File PhotoСитуация в Италии из-за коронавируса
Ситуация в Италии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин төрт кыргызстандыктын көз жумганы айтылган болчу.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус аныкталган бир киши каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, маркум Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Кайтыш болгон кыргызстандык 87 жаштагы эркек киши экени айтылат. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны бешке жетти.

“Тилекке каршы, кечээ бир киши кайтыш болуп калды. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, — деди Каратаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0