Эки ымыркай бар. Коронавирус чыккан аймактар жана бейтаптардын жаш курагы

Жазылуу
Коронавирус аныкталгандардын ичинен 154ү аял, 144ү эркек. Вирусту 15 жашка чыга элек 34 бала жуктуруп алса, анын ичинен эки наристе бир жашка чыга элек.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298ге жетти. Бейтаптардын көбү Ош, Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, коронавирус аныкталгандардын ичинен 154ү аял, 144ү эркек.

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандарды саны:

  • Ош облусунда — 98;
  • Жалал-Абад облусунда — 89;
  • Бишкек шаарында — 42;
  • Ош шаарында —36;
  • Чүй облусунда — 15;
  • Нарын облусунда — 10;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 4.

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы төмөндөгүдөй:

  • 15 жашка чейин — 34 адам, анын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар;
  • 16 жаштан 19 жашка чейин — 11;
  • 20 жаштан 35 жашка чейин — 75;
  • 36дан 55 жашка чейин — 106 адам;
  • 56 жаштан жогору жаштагылар — 72 адам.

Азыркы тапта стационарда 254 адам жатат.

Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда. Коронавирус Кыргызстанда беш адамдын өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0