Кыргызстанда коронавирустун кайсы чекке барып токтору азырынча белгисиз

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшРаботы по дезинфекции улиц в Оше
Работы по дезинфекции улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Медициналык академиянын жана Кайра даярдоо институтунун мугалимдеринен, профессорлордон түзүлгөн топ иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун жайылышы качан токтой турганы азырынча белгисиз. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Журналисттер оорунун аяк-чени тууралуу сурашкан.

"Бул аябай оор суроо. Жагдайды аныктоочу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын жана Билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун мугалимдеринен, профессорлордон түзүлгөн топ бар. Алар жакын арада божомолун чыгарат деп ойлойм. Эми мындай божомолду айтуу опурталдуу экенин билесиздер. Бүкүнкү күндө бул суроого жооп бере албайбыз", — деди Каратаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстан боюнча коронавируска кабылгандардын саны 298ге жетти. Анын ичинен 39 адам айыгып чыгып, тилекке каршы, бешөө кайтыш болду. Арасында 39 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки ымыркай бар. Коронавирус чыккан аймактар жана бейтаптардын жаш курагы
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0